Жалбырак жөнүндө маалымат
Жалбырак - өсүмдүктүн түрүнө жана морфологиялык түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал түзүлүштүү жалбырактарга бөлүнөт. Жөнөкөй жалбырак бир гана пластинкадан турат. Бир сапта бир нече жалбырак пластинкасы болсо татаал жалбырак деп аталат (мисалы, беде, грек жаңгагынын жалбырагы).
Жалбырак пластинкасы ар кандай формада болот: сүйрү, тегерек, тасма, калак, жебе, канат, жумуртка, ромб сымал жана башка формасына жараша жалбырактын учу тукул, учтуу же шуштугуй дагы ушундай сыяктуу. Ошондой эле жалбырак жалпак пластинка түрүндө эмес ийне, түрпү сымал, жумуру формада да болот. Пластинкасынын бөлүнүшүнө жараша шара тилик, жылдыз сымал жана башка түрдөгү жалбырактар бар.
Жалбырак пластинкасы жука же калың, бети түктүү, түксүз, бырыштуу же жылма, кыры тегиз же тилкелүү келет. Жалбырактардын жазылыгы көбүнүкү 3-10 сантиметрдей, айрымдарыныкы (бразилия пальмасынын жалбырагы ) сабынын узундугу 4-5 метр , пластинкасынын узундугу 22 метр, туурасы 12 метрге чейин жетет. Кыргызстандын флорасында чоң жалбырак даракта эмес, көбүнчө чөп өсүмдүктө (мисалы, балдыркан) кездешет.
Жалбырактын астыңкы бети көп тарамыштуу. Алар бир үлүштүү өсүмдүктөрдө дого сымал, эки үлүштүүлөрдө тор сымал жайгашат. Жалбырактар түрдүү формада болсо да анатомиялык түзүлүшү негизинен окшош. Жалбырак астыңкы жана үстүңкү эпидермадан туруп, алардын ортосунда бир нече катмарлуу жашыл ткань хлоренхимадан түзүлгөн негизги ткань - мезофил жайгашат. Жалбырактын негизги милдети болгон физиологиялык процесстер - фотосинтез жана дем алуу мезофил тканында жүрөт.
Жалбырак тарамыштары - өткөргүч боочолор - жалбырак сабы жана өзөк аркылуу флоэма менен ксилемадан турган өткөргүч системага кошулат. Тамырдан суу жана анда эриген заттар ксилема аркылуу жалбырактын негизги тканына келип, флоэма аркылуу фотосинтез заттары башка органдарга кетип турат. Өсүмдүктүн сырткы чөйрө менен газ алмашуусу (транспирация) эпидермада жайгашкан үттөр аркылуу жүрөт.
Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагында фотосинтез заттары гана пайда болбостон, анда запас заттар да топтолот. Магнолия, лимон, апельсин, мандарин, сыяктуу тропик өсүмдүктөрү кышында жалбырагында крахмал топтоп, аны гүлдөө мезгилинде сарптайт. Жалбырактын формасынын, өлчөмүнүн, түзүлүшүнүн өтө көп түрдүүлүгү өсүмдүктүн белгилүү экологиялык шартка ылайыктанышын чагылдырат.
Мисалы, кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдүн жалбырагынын үстүңкү бети түктүү же кутикула жана мом катмары менен тыгыз капталып, жалбырактан суунун тез бууланып, ысырап болушуна жол бербейт. Эволюциялык өнүгүү процессинин натыйжасында аткарган милдетинин өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырагынын түрү өзгөрүп кеткен. Мисалы, пияз менен капустанын жалбырактары азык зат топтоочу органга айланган. Бүчүрдүн түрпүлөрүн да түрүн да өзгөрткөн жалбырак деп эсептөөгө болот.
Өсүмдүктүн өзгөчөлүктөрүнө жараша жалбырактын өсүү мезгили ар түрдүү. Мисалы, мелүүн климаттагы өсүмдүктөрдүн жалбырактары жарым жылга жакын убакытта, эрте жаздагы өсүмдүктүн жалбырагы 2-3 айдан кийин, башкача айтканда вегетация мезгили бүткөндөн кийин куурайт. Айрым учура жалбырактын саргайып, тез куурашы фотосинтез жана зат алмашуу процесстеринин күчтүүлүгүнө байланыштуу.
Дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн жалбырактары бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, ар түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланат. Мисалы, лавр жалбырагы 3-4 жыл, Европа карагайыныкы 8-10 жыл, Шренк карагайыныкы 30 жылга чейин өсө берет. Жалбырак эл чарбасында кеңири керектелет. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары тамак-аш катары жумшалат. Мисалы, козу кулак, ашкөк, капуста, пияз жана башка айрым өсүмдүктүктөрдүн (оймок гүл, меңдубана жана башка ) жалбырагынан дары-дармек даярдалат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагы малга тоют. Айрым өсүмдүктөрдүн (жалбыз, каз таман) жалбырагынан эфир майы, өңдөгүч заттар алынат. Жалбырак - чай жана тамеки өнөр жайынын чийки заты.
2020-09-25 ![]() АСЕМА |
Эмнеге жалбырактын ташуучунун себебин жазбайсыздар |