Кирүү

Жайыт

Жайыт - мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Ал табигый жана эгилме болуп бөлүнөт. Табигый жайытта жапайы чөп, эңилчек, караган, бадал өсөт. Эгилме жайытта көп жылдык жана бир жылдык (чанактуу, дандуу) өсүмдүк аралаш эгилет. Жайыт көк тоюттун негизги булагы.

Ой-пикирлер