Кирүү

Жайлоо деген эмне

Жайлоо - жайкы конуш, мал жайыты. Ички жана сырткы жайлоого бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу жайыттар, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу, күчтүү болгондуктан мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоо чөбү - маанилүү арзан тоют. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка өсөт. Анын курамында 8-10% протеин бар.

Жайлоо тилкелерге бөлүнүп, мал кезек менен жайылат. Кыргызстандын жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500- 3000 метр бийиктикте орун алган. Бийик тоо арасы төр (мисалы, Кара-Төр, Көл-Төр, Ашуу-Төр жана башка ), ат жайлоосу деп аталат. Алардын чөбүнүн оттуулугу бирдей эмес. Мисалы, ат жайлоодо гектарынан 1,1 центнерден 14,9 центнерге чейин, бөксөлөрдөн 5,3-18,3 центнер чөп алынат.

Жайлоо чөбү сабактанып, гүлдөп, баш алганда малга жагымдуу келет. Бөксө жайлоолордогу 1 центнер кургак чөптө 45-80 тоют бирдиги, 7-10 килограмм сиңимдүү белок, шалбаа чөбүндө 80-90 тоют бирдиги, 7,5-10 килограмм сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө йод аз болгондуктан, малга йод кошулган туз берилет. Ат жайлоодон тышкары бийик тоолорго кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат.

Азыр жайлоонун чөбүн кошумча азыктандыруу, айрым жерлерин эгилме жайытка айландыруу иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда Ак-Сай, Арпа, Алай, Суусамыр, Соңкөл, ,Арчалы, Көк-Ойрок, Челек жана башка чоң жайлоолор бар. Буларда маданий борбордук курулуп, малчыларды турмуш-тиричилик жактан тейлейт.

Ой-пикирлер