Кирүү

Вегетация деген эмне

Вегетация - (лат. vegetatio - дүүлүгүү, жандануу) - өсүмдүктүн өсүүсү, активдүү тиричилик абалы. Өсүмдүктөрдүн тыным мезгилинен айырмаланып, вегетация мезгилинде өсүмдүктө азыктануу, өсүү, запас органикалык заттарды топтоо, көбөйүү, түшүмдүн (урук, үрөн, мөмө-жемиш, түймөктөрүнүн жана башкалардын ) бышып-жетилүү процесстери жүрөт.

Вегетация мезгили

Вегетация мезгили - 1) өсүмдүк өсүп-өнүгө турган жыл мезгили. Мелүүн климат шартында вегетация мезгили жазгы соңку сууктан күзгү алгачкы суукка чейин (сууксуз мезгил) созулат. Тропик жана субтропик райондордо бүт жылды камтыйт. 2) урук өнө баштагандан толук бышып жетилгенге чейинки (дыйканчылыкта үрөн себүүдөн түшүм жыйноого чейин) мезгил (күн менен). Бир жылдык жаздык буудайдын вегетация мезгили 62-189 күн, ал эми күздүк буудайдыкы 200-350 күн; вегетация мезгили күзүндө башталып, кышында токтолот да, жазында кайрадан уланат.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бир эле түрүнүн вегетация мезгили (сортторуна жараша) кыска жана узак болгондору, башкача айтканда эрте жана кеч бышчулары бар. Мисалы, Кыргызстанда эгилүүчү күздүк буудайдын Фрунзе -60 сортунун вегетация мезгили 243-260 күн, ал эми Пржевальский сортунуку -319-329 күн. Вегетация мезгилинин узактыгына температура таасир этет. Түштүктө өсүүчү кээ бир өсүмдүктөр (шалы, калемпир, баклажан жана башкалар ) түндүктө өспөйт (жылуулук жетишсиздигинен). Вегетация мезгилине топурактын нымдуулугу жана кычкылдуулугу, абанын жетиштүүлүгү, температуранын жана түндүн узактыгы жөнгө салынбагандыктан эгүү мөөнөтүн кечиктирбөө өтө маанилүү.

Вегетация сугаты

Вегетация сугаты - айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу.

Вегетация үйү

Вегетация үйү - агрохимиялык жана өсүмдүк физиологиясы боюнча вегетациялык тажрыйба жүргүзүлүүчү имарат. Дубалы жана үстү айнектелип, ичи желдетилип турат; вегетация үйүндө өсүмдүк өстүрүлгөн идиштер коюлган кичине вагондор бар. Күн ачыкта алар рельс аркылуу имараттын түштүк жагындагы тор менен тосулган аянтчага чыгарылып коюлат. Күн бүркөктө жана түнкүсүн кичине вагондор идиштери менен вегетация үйүндө болот. Вегетация үйүнүн түзүлүшү жана чоңдугу ар кандай болот. Вегетация үйү дайыма ачык жерде, көлөкө түшпөгөндөй курулушу керек. Павильондун жанында тажрыйбаны даярдоо үчүн көмөктөш, кошумча имараттар курулат.

Вегетация ыкмасы

Вегетация ыкмасы - тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация ыкмасынын максаты - айрым факторлордун таасирин так айырмалануучу, оңой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу мыйзам ченемин аныктоо. Вегетация ыкмасына XIX кылымда Ж. Б. Буссенго, Г. Гельригель жана башкалар негиз салган. Россияда вегетация ыкмасын К. А. Тимирязев баштаган.

Вегетация ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу менен жарыктын таасирин, суукка, кургакчылыкка жана шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын кирдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктөрдү илдет жана зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба микробиологиясында колдонулат.

Вегетация ыкмасынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы жана аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор менен (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү жана башка шарттарда) өстүрүлөт.

Ой-пикирлер