Токтогул Сатылганов. Гүлдөп ал
Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып,
Койбогула, кыздар ай!
Кызыл күрме шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай.
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!
Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал,
Күлгүн жашың барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди,
Каларсың жердин алдында.
- Мидин алыбаев. ыйлабачы
- Мидин алыбаев. темиркул үмөталиевге
- Акбар Рыскулов. Элчи жүрдүм
- Мидин Алыбаев. Ала-тоого
- Алыкул Осмонов. Кыргыз тоолору
Ой-пикирлер