Кирүү

Сөз кубаты — Ак бата

Сөз кубаты — Ак бата

Бир тилдин баяндоо кубаты анын сөздүк корундагы сөздөрдү санынын көп болуусу менен гана ченелбей, ал сөздөр маанини адам дилине жеткирүүсү, мээге кыт кылып куюусу аркылуу өлчөгөнү жөн. адабиятында баталар жыш кезигет.

Ак баталарды кыргыздын көсөмдөрү, акылмандары, ырчылары, төкмөлөрү, "оозунда алтын шилекейи бар" нарк-салтты тутунуп жүргөн адамдар чыгарышкан. Биздин бул жыйнакка те кыргыз ак баталарынын үлгүлөрүн гана киргизе алдык. Эгерим сарамжалдуу эмгектенип, ата-бабанын баталарын илгертен толук чогулткан болсок, нече жүздөгөн томдор түзүлмөк. Бирок азыр айтпай болбойт, кыргыздарда бата берүү кандайдыр жөнөкөйлөшүп, эки ооз сөздү куюлуштуруп, жүрөккө жылуу тие турган сөздөр менен бата берүү жок эсе болуп кетип баратканда, бул жыйнакка бата чогултуу жумушу туш келип калды. Бардык эле көз көргөн, кулак уккан баталарды чогултууга аракеттенип, ак баталар кыргыздын орток түлкү деген түшүнүк боюнча, мындан мурда басма сөздөрдө жарыяланган баталардын бардыгын бул жыйнакка киргиздик. Болуп да, Кыргызстандан 2002-жылы жарык көргөн Кеңеш Жусупов менен Чоюн Өмүралиев түзгөн "Ак бата" деген китепчедеги баталар ичинен бизде жокторун толук алдык.

Ооба, алар да биз жарыялаган баталарды ал китепчеге киргизгендерин китепченин алгы сөзүндө айкын жазышып: "кайсыл бата кимге тиешелүү деп таандыктап отурбай жалпы бердик" деген ойлоруна биз да кошулуп, бул жыйнакты түзүп чыктык. Кээ бир баталардын авторлоруна элден чогултуп басма сөздөрдө жарыялагандардын бул жыйнакка кирген баталары үчүн чоң рахмат айтамын. Бул жыйнакка киргизилген баталар жыйнакты түзүүчү жагынан түрлөргө бөлүнүп чыгылды. Ар бир түргө өзүнчө түшүнүк макалалар жазылып, ак батадан пайдалануу берекетин ашырууга аракет жасалды. Соңунда, ушул китепти окугандарга ушул ак баталарда айтылган жакшылыктардын бардыгы келсин, ушул ак баталар тийсин деген каалоо айтам! Кармыштегин Макелен Өмүрбай.

Ой-пикирлер