Кирүү

Семетей. Түшүнүктөр

Семетей. Түшүнүктөр

1. Ойрот — уруу аты.

2. Эрөөл — кыр көрсөтүү, жоого аттануу.

3. Кирпил — уялчаак, жарамсыз.

4. Темгил — тер — ала тер.

5. Жедигер — уруу аты.

6. Кубулу — кубу — кыбы.

7. Лөк— нар төө.

8. Кол — кошуун.

9. Тийсе болот — заар, уу аты.

10. Булдурсун — камчы.

11. Алма кезек — алмашуу, кезектешүү.

12. Даңкан — аттын туягы ташка тийгенде чыккан
учкун.

13. Шайбарлата — алчактата.

14. Камка — кездеменин бир түрү.

15. Келенгер — чок чачпак.

16. Жаалысы — жайыл жайылы.

17. Сасык — камал, курчап алуу.

18. Чарбак — Гүл бак.

19. Саадак — жаа.

20. Чапчак — бозо ачытуучу, малма салчу жыгач
челек.

21. Алеңгир жаа, сур жебе — ажалдуу жаа, ажал
жок.

22. Шаяң — жердин аты.

23. Буулум — кездеменин бир асыл түрү.

24. Алты сай — алты бөлөк.

25. Үртүк — ат жабуу.

26. Дүмөктүү. Дүмөк — айбат кылуу, кыр көрсөтүү.

27. Тынар — куш падышасы.

28. Так текей — текенин мүйүзүнөн жасалган оюнчук.

29. Бадана — темир тон.

30. Кайгуул — чалгын.

31. Кыйгактуу найза — теги жок найза.

32. Испийан — кылычтын түрү.

33. Кисе — ок баштык.

34. Кандагай — кайыш шым.

35. Калча — кул, кызматкер.

36. Элкин — элким, ээн — эркин.

37. Укулу — болоттун эң асылы.

Ой-пикирлер