"Манас" эпосу жана тарых
"манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган.
Азыркы кезде "Манас" эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн 70 тен ашык варианты белгилүү. Эпостун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. "Манастын" варианттарынын дээрлик баардыгында эпостогу негизги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостордун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк дэңгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.
- "Кыргыз" деген этноним жөнүндө легендалар
- 9 жана 10 кылымдар. Улуу Кыргыз мамлекети
- Курманжан датка
- Кыргыз-моңгол, калмак согуштары
- Бугу боронбайдын оруска өкүл кишилер жибергени
Ой-пикирлер