Малдыбаев Абдылас
"Манас", "Көл боюнда", А. Веприк, М. Абдраев менен бирге "Токтогул" операсын жана Кыргыз ССР гимнинин музыкасын жазган. М. В. Власов, В. Фере, М. Абдраев ж. б. композиторлор менен бирге кантаталарды, вокалдык-симфониялык чыгармаларды жараткан. Ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды түзгөн. Мисалы: "Алтын кыз" музыкалык драмасында Кузнецовдун, "Ажал ордунда" Бектурдун, "Айчүрөк" операсында Күлчоронун, "Айдар менен Айшада" Телтайдын, "Аршин мал алан" музыкалык комедиясында Аскердин, "Евгений Онегин" операсында Ленскийдин, "Токтогулда" Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артист-тик чоң чеберчилик менен ойногон.МалдыбаевКыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). СССР Жогорку Советинин депутаты (1937–46). Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Малдыбаевдин ысымы менен Кыргыз опера жана балет театры, Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган.
- Куйручук (Кудайберген) Өмүрзак уулу (1866—1940)
- Азыркы кыргыз тили. Морфология. 1-лекция
- Ишенимкат
- Этнос — коом эмес
- Кара-Молдо