Кирүү | Катталуу

Кыргыздын музыкалык аспаптары

Байган, Кенже Кара Мураатылы, Жолой, Сайид, Датка ж.б. адам турмушунда кездешүүчү салтанаттарды чагылдырган жана түркүн жан-жаныбарлардын үндөрүн туурап тарткан атактуу кыячкылар болушкан .

Филармонияда залкар комузчулар Муратаалы , Карамолдо, Ырыбай, Шекербек , Чалагыз, ашкере куудул Шаршен . Оркестрдин добушунун бийиктигин, угумдуулугун арттыруу, ойноо мүмкүчүлүгүн кеңейтүү максатында комуз, кыл кыяк , чоор ж.б. аспаптарды түрлөргө бөлүп өркүндөтүү (модернизациялоо) иши колго алынган. Комуздун биринчи өркүндөтүлүшүнө улуу музыкант Муратаалы Күрөнкеев кеңешчи катары катышкан. Алгач 1935-ж., экинчи жолу Москвадагы Сокольнический фабрикасынын усталарынын катышуусу менен комуздун беш түркүмү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз- тенор, комуз-бас) өркүндөтүлөт (модернизациялат). Фабрика үчүн кыл кыяк , чоор, сурнайды өркүндөтүү кыйын болгон. Булардын ордуна оркестрге үйлөмө (гобой, флейта, кларнет , фагот), урма-добулбас пайдалынат. Бирок оркестрдин добушун көтөрүү кубаттуулугун арттыруу багытында чыгармачылык изденүү улантыла берет 1938-40-ж. музыкалык аспаптарынын конструктору П. Шошин тарабынан кыл кыяктын жаңы түрлөрү өркүндөтүлөт (кыяк-прима, кыяк-альт, кыяк-бас). Мезгилдин, угуучулардын талаптарын эске алып, жаңы аспаптардын сапатын, угумдуулугун көтөрүү, комуздун тембрин кыл кыяктын нукура добушуна жакындатуу максатында 1952-53-ж. комуздун , кыл кыяктын жаңы түрлөрү Ташкент искусство таануу институтунда өркүндөтүлөт азыр негизинен модернизацияланбаган элдик музыкалык аспаптар-темир комуз, комуз, кыл кыяк, чоордун түрлөрү пайдаланылууда .

Ой-пикирлер