Кирүү

Күрп

Күрп - тоок сымалдуулар түркүмүнүн кыргоолдор тукумундагы куш. Жапайы жана бакма түрлөрү бар. Жапайы күрп АКШ жана Мексикада кездешет. Буту узун, денеси чымыр. Эти жегиликтүү, промыселдик мааниге ээ. Ургаачысы 10-15 жумуртка тууйт. Корозунун салмагы 8 килограммга жетет. Бакма күрп жапайы түрүнөн чоң жана эттүү, салмагы 7-9 килограмм (боз күрптүкү 20 килограммга жетет). Эти - диеталык азык, абдан жегиликтүү. Бордолгон күрптүн этинде 55,5% суу, 44,5% кургак заттар (анын ичинде 21% белок, 30% май) бар. 310-340 күндүгүндө жумуртка тууй баштайт.

Бир күрп жылына 90дой (мыктылары 150гө чейин) жумуртка тууйт. 30-40 жөжө чыгарат. Күрп шалбаа жана аңызда жакшы оттойт. Күрп багуучу ири чарбаларда жыл бою эт, күз, кышта жумуртка алынат. Күрп 3 жашка чейин союлат. Жумурткаларды инкубациялоо мөөнөтү 28 күн. Күрп дээрлик бардык өлкөлөрдө багылат. Мурунку ССРБ нин аймагында күрп багылуучу негизги аймактар: Краснодар жана Ставрополь крайлары, Ростов, Волгоград, Воронеж жана УССРдин айрым облустары. Күрптүн кеңири таралган породалары: кең төш боз күрп, түндүк кавказ күрпү, москва (ак) күрпү жана башка. Негизги жугуштуу ылаңдары: пастереллез, энтергепатит, спирохетоз, кокцидиоз, орнитоз жана башка.

Ой-пикирлер