Көпөлөктөр
Көпөлөктөр - какач канаттуулар - курт-кумурскалардын эң эле чоң түркүмү. Денеси түк, какач менен капталган. Муруттары ар кандай узундукта жана формада. Көпөлөктөрдүн жыт билүү жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн. Жашоосу бир нече сааттан (кээ бир күбөлөр) бир нече жумага созулат (кыштап чыккан көпөлөктөр гана бир нече ай жашайт). Көпөлөктөрдүн көбү түнкүсүн, күүгүмдө, кээ бири күндүз учуп, өсүмдүк гүлдөрүндөгү же мөмөлөрүндөгү канттуу шире менен азыктанышса, кээ бири личинка кезинде жыйналган май ткандардын эсебинен жашап, азыктанбайт.
Жер шарында көпөлөктөрдүн 140 миңдей, мурунку ССРБ нин аймагында 15000 дей түрү белгилүү. Көпөлөктөрдүн ичинде пайдалуусу да, зыяндуусу да бар. Көпчүлүк көпөлөктөр айыл чарба өсүмдүктөрү менен дарактарга зыян келтирет. Зыяндуу түрлөрүнүн көбү үкүчөлөр, бүлбүлдөктөр, жалбырак түргүчтөр, сөөмчүлөр, пиллачылар, жыгач ойгучтар жана башка тукумуна кирет. Пайдалуу түрлөрүнө пиллаларынан кымбат баалуу жибек кездеме токулуучу тыт жана эмен жибек көпөлөктөрү кирет. Көпөлөктөр гүлдөргө конуп, ширесин соруп, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат. Малактары кокцид, өсүмдүк биттерин жок кылуучу көпөлөктөр да бар.
- Жуковский Петр Михайлович
- Көтөрүм болуу, арыктоо
- Кызылча зыянкечтери жана илдеттери
- Ат конок өсүмдүгү
- Калкалоо