Кирүү

Коңуздар

Коңуздар, катуу канаттуулар - курт-кумурскалардын эң чоң түркүмдөрүнүн бири. Дене узундугу 0,35 метрден (катуу канаттуулар) 180 миллиметрге (эбелек муруттуулар) чейин, өңү бир өңчөй түстө же чаар ала болот. Жашоо чөйрөсүнө жараша дене формасы да ар түрдүүчө. Денеси катуу кабык менен капталган, чанда жумшак (жумшак денелүүлөр тукуму). Башы, көкүрөгү жана курсагы даана бөлүнүп турат.

Көпчүлүгүнүн башы тегерек, жалпак. Муруту 2-4 (көпчүлүгү он бир) муунактуу. Көзү татаал (айрымдарыныкы жөнөкөй) түзүлүштүү, үңкүрдө жана башка жайларда жашаган коңуздардын көзү болбойт. Коңуздардын 1-жуп катуу канаты 2-жуп учуучу канатын жана курсагын коргоп турат. Арткы канаты жаргак, алдыңкысынан узун жана жазы. Ооз органы кемиргич. Көкүрөгүндө басуу, казуу, кармоо, секирүү, сүзүү кызматын аткаруучу буттары бар. Коңуздар айрым жыныстуу; жумуртка (чанда тирүү) тууйт. Коңуздар бир айдан бир нече жылга (5 жылдан ашык эмес) чейин жашайт. Личинкалары менен коңуздары кыштайт.

Жылына бир, айрым учурда 2-3 (чыртылдак коңуз), чанда 3-5 жолу тукумдайт. Коңуздар азыктануусуна жараша үч топко бөлүнөт. Өсүмдүк менен азыктануучулар (фитофагдар), өсүмдүк жана жаныбар чириндисин жегичтер (сапрофагдар) жана кыкчылдар (капрофагдар). Коңуздардын үч түркүмүнүн 140 тай тукумундагы 300 миңден ашык түрү белгилүү. Мурунку ССРБ нин аймагында 25 миңге жакын түрү, 108 тукуму бар. Бардык жерде (көбүнчө тропикте) кездешет. Коңуздардын айрымдары айыл чарба өсүмдүктөрүнө, бак-даракка, азык-түлүккө зыян келтирет.

Зыян келтирүү мүнөзүнө жараша коңуздар жалбырак кемирүүчүлөр (жалбырак жегичтер, шиш тумшуктар); дарак сөңгөгүн жегичтер (кабык жегич, муруттуулар жана башка ); мөмө жана үрөн жегичтер; тамыр жегичтер; дан азыктарын жегичтер (кампа зыянкечтери); тери жегичтерге бөлүнөт. Коңуздардын өсүмдүк зыянкечтерин жоготуп, топурак структурасын жакшыртуучу пайдалуу түрлөрү да бар. Мисалы, эл кайда көчөт өсүмдүк биттерин, калкандуу зыянкечтерди жана башка, дуулдак коңуз көптөгөн зыянкечтердин малагы менен личинкаларын жок кылат. Кыкчы, коргоочу, тарпчы коңуз тарп, таштандыларды жеп, жаратылышта санитардык мааниси бар. Коңуздарга тахин чымындары, чабендестер, нематоддор, жөнөкөйлөр жана башка мителик кылат.

Ой-пикирлер