Көмүртек
Көмүртек, С - Менделеевдин мезгилдик системасынын IV тобундагы химиялык элемент. Атомдук номери 6, атомдук салмагы 12,011. Табигый эки изотобу С12 жана С13 бар. Атмосферада космос нурларынын таасиринен радиоактивдүү изотобу - С14 пайда болот. Ал жасалма жол менен да алынып, организмдерде зат алмашууну изилдөөдө (белгиленген атом ыкмасы менен) колдонулат. Жасалма жол менен башка изотоптору да алынган. Кадимки шартта 2 аллотропиялык модификацияда - алмаз жана графит, ошондой эле аморфтуу түрдө (көө, жыгач көмүрү жана башка) болот. Химиялык жактан активдүүлүгү начар, жогорку температурада көпчүлүк элементтер менен кошулат (күчтүү калыбына келтиргич).
Өзгөрүлмө (2,3 жана 4) валенттүү. Кычкылтек менен көмүр кычкылын (СО) жана кош кычкылын (СО); ошондой эле көмүртектүү көп бирикмелерди пайда кылат. Жер кыртышында 6,5. 10 6 т көмүртек болот. Негизги минералдары - карбонаттар. Көмүртектин бир кыйла бөлүгү (1013 тоннадайы) күйүүчү заттардын түзүмүнө (таш көмүр, табигый газ, нефть жана башка) жана гидросферанын 1014г) курамына кирет. Бардык табигый сууларда көмүртек бикарбонат - Са(НСОз)г жана (НСОз)г түрүндө болот. Алардын карбонаттан айырмасы сууда жакшы эрийт.
Сууда башкаларына караганда бикарбонат аниондорунун көбүрөөк болушу алардын топурактан жуулуп кетишинин натыйжасы. Табиятта көмүртөк өзгөчө мааниге ээ, анткени ал бардык тирүү организмдин негизин: өсүмдүктүн кургак затынын орт. 45% дайын, жаныбарларда 60% дайын түзөт. Топуракта көмүртек чириндинин курамында (анын кургак затында 58%) болот. Көмүртек темир куймалары - чоюн менен болоттун негизги компоненти катары, ошондой эле алмаз жана графит түрүндө технологияда кеңири керектелет. Айыл чарбада аки таш теги аки таштуу жер семирткич катары, органикалык жер семирткич (кык, чыла жана башка) топурактын азык заттарын толуктоо үчүн кеңири керектелет.