Кирүү | Катталуу

Кокон хандыгы

Ташкенден Канаат шаа, Кокондон Анжиян вилайетинин акими Алымбек датка жетектеген кошуундар Чүйгө жиберилген. Алымбектин "Анжиян колу" деп аталган кошууну жолдо Экисуу арасы, Көгарт, Кетментөбө, Нарын, Чүй кыргыздарынан колун толуктап, аскери 12 миң кишиге чейин жеткен. Алымбектин кошуунунун курамында Жаңгарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, а. и. Шабдандын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында эки кошуун жолугат да, Алымбек менен Канаат шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада, Узунагач, Каракастек, Каскелең өзөндөрүнүн боюндагы салгылашууларда Алымбек өз кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Каракастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылгандан кийин, Узунагачка 1-чабуул уюштурууну буйруган Канаат шаага Алымбек кескин каршы чыккан. Бул кадамдын түпкү максаты – Алымбектин Россияга көңүл бура баштаган аркалык кыргыздардын бийлеринин колдоосуна ээ болуу менен Кокон ордосун толук колго алуу болгон. Ал 1861-ж. күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайткан. Натыйжада, 1862-ж. Мала хан Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар сыяктуу кыргыз бийлеринин аракети менен өлтүрүлүп, анын жээни – Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушат. Алымбек баш увазирдик орунду ээлейт. Ордодогу 2-топ (анын уюштуруучуларынын бири кыргыз молдо Алымкул болгон) такка Кудаярды кайрадан отургузушат. Алымкулдун аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери, а түгүл 1862-ж. июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датка да Чотон аттуу кыргыздын колу менен тыңдым кылынган. Бирок, Кудаяр хандын жаатында Алымкул узак болгон эмес.

Ал тез эле кыргыз, кыпчак оппозициясын жетектеп, Кокон ханына каршы күрөшкө чыккан. 1862- ж. кыргыз, кыпчак уруулары Алымкулдун жетекчилиги астында Кудаяр хандын сарбаздары менен кармашып, Наманган, Маргалаң, Кожент ш-н убактылуу каратып алышат. Кокон ханы Кудаярга каршы күрөшүү үчүн түндүк кыргыз урууларына үндөө менен кайрылышкан. Чакырыктын таасири Чүйгө да жеткен. Чүй кыргыздары, айрыкча, Байтик Канай уулунун тобу, сарыбагыштардын бир бөлүгү кокон гарнизондоруна ачыктан-ачык каршы чыга баштаган. 1863-ж. июнда Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар Коконду ээлеп, 9-июлда Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз-кыпчак жа-маатындагы мамл. ишмер жана таланттуу кол башчы, 34 жаштагы Алымкул Султан Се-йитке Аталык (регент) дайындалып, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук колуна алган. Алымкул аталыктын мезгилиндеги (1863–65) негизги окуялар 114 Россиянын колониялык саясатына каршы күрөш болгон. 1864-ж. орус аскерлеринин согуштук жүрүштөрү Чымкентти алуу менен аяктаган. 1865-ж. генерал Черняев 29-апрелде Ташкенге жакын турган Ниязбек чебин басып алып, шаарды суудан жана эгинден бөлүп салган. Ташкенди коргогон Алымкул аталыктын негизги күчтөрү менен орус аскеринин ортосундагы 9-майда болгон салгылашууда Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. 1865-ж. 17-июнда Ташкен ш. каратылган. Алымкулдун көзү өткөндөн ки-йин, Фергана кыргыздары менен кыпчактар Султан Сейит ханды таштап, кыргыз кол башчысы Бекмаматтын жетекчилиги астында Коконго карай жөнөгөн. Фергана өрөөнүнө келишкен кыргыз-кыпчак кошуу-нунун төбөлдөрү Шахрух бийдин үчүнчү уулу Шады бийдин урпактарынын бири 16 жашар Кудайкул бекти хан көтөрүшкөн. Тез аранын ичинде Кудайкул Кокондон алдырылып, кыргыз-кыпчак кошууну шаан-шөкөт менен ордого кирген.

Баймат кыпчак миң башы дайындалып, Ташкенге орустарга каршы жүрүш жасоого даярдык көрүлө баштаган. Бирок, көп узабай Бухара эмири Музаффардын жардамы менен Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурат. Убактылуу жеңилүүгө учураган кыргыз-кыпчак бийлери тактикалык чегинүү жасап, Кудаяр ханга таазим кылып келишкен. Алайдан Курманжан датка да келген. Кудаяр хан энеси Жаркынайым менен жакшы ымалада болгон Курманжандын "датка" титулун дагы бир жолу расмий бекитип, белек-бечкек берип жөнөткөн. Кыргыз көчмөн-дөрүнө таасири зор Курманжандай инсандарын Кудаярдын бийлигин тааныгандыгы башка кыргыз-кыпчак бийлеринин тынчышына алып келген. 1866-ж. Кожент, Бухара ээликтери Оротөбөнүн жана Жызактын орус аскерлери тарабынан каратылышынан кийин, Кокон х-нын чөлкөмү негизинен Фергана өрөөнү менен гана чектелип калган.

Бухара менен карым-катнаш үзүлгөн. Кокон ханы Кудаяр ички маселелер менен гана алек болуп калган. Кокон ханынын 1865-жылга чейинки ээлиги болуп келген Ташкен 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунун борбору болуп саналган. Кудаяр хан Россиянын басып алууларын айласыздан таанып, Ташкен менен дипломатиялык мамилеге өтүүгө аргасыз болгон. Бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1868-ж. 29-январда Кудаяр хан менен Кокон П. Кауфман соода келишимине кол коюшкан. Документ соодага арналганы менен иш жүзүндө Коконду Россияга вассалдык көз карандылыкка алып келген. Кудаяр хан падыша өкмөтүнөн качкан качкындарды кайтарып берип турган, соодагерлер менен кошо келген саякатчы, илимпоз кейпиндеги чалгынчыларга Кокон чөлкөмүн кыдырууга дайыма уруксат берген. Кудаяр хан тышкы саясатта өз алдынча иш жүргүзө алган эмес, олуттуу маселелер б-ча КоконП. Кауфман менен кенешип турган. Бир аз убакытта эле Кокон х. Россиянын жарым колониясына айланган. Хан, ордо бийликтери, феодалдар жалпы элге жек көрүндү күчкө айланып, феодалдык эзүүнүн күчөшү 1873–76-ж. ири элдик кыймылды туудурган (Кокон Кокон көтөрүлүштөрү).

Россия империясы 1875-ж. ыңгайлуу шарттарды пайдаланып, Фергана өрөөнүнө басып кирген. Насирдин хандын (1875) жана Кокондун акыркы ханы кыргыз Исхак – Полот хандын (1875–76) мезгилинде Россия Кокон х-н кан төгүү менен каратып алган. 1876-ж. 19-февралда Кокон х. жоюлуп, анын ордуна Россия империясынын Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана облусу түзүлгөн.

Ой-пикирлер