Көкчөнүн өлүшү 3-бөлүк
Катуу амал кылган себеби
Каражой уулу Кожожаш
Көк байталын токуган,
Алакеңден Кожожаш
Алты айча мурун окуган.
Адис болгон эр ошол,
Атка оюнчу, жоо күлүк
Амалды салар кези ошол.
Алтымыш күнү атышып,
Караса козго илинбейт,
Капыр кыйын Кожожаш
Кайда экени билинбейт.
Кызыл найза зулпукор
Кынап жүрөт Алмаң шер,
Баягы кыйрашкан кыргын казатта
Чыдап жүрөт Алмаң шер,
Темирден тарткан капырдын,
Торунда жүрөт Алмаң шер.
Кара калмак, шибенин
Колунда жүрөт Алмаң шер.
Күнү да жок, түнү жок,
Күн мезгилин алган жок.
Азизкандын чолпону,
Капырай, өлгөн менен арман жок.
Ит-Өлбөстүн чөлүндө,
Күркүрөгөн Күн-жаң-жуң
Күчөп кыргын саларда,
Азизкандын Алмамбет
Айлакер эриң жетти эле,
Күпчөрдөй болгон Жаң-жунду
Боз кериктин үстүнөн
Болжолу жок кайран шер
Көмө коюп өттү эле.
Алакеңдин ач албарс,
Кызыгып кындан тартканда
Кан ичпей кынга кирбеген,
Ирмесе куру кайтпаган,
Таш чапса бөлбөй жүрбөгөн
Ойкуманы колго алып,
Ошол тушта манжуга
Ойронун Алмаң жетти эле,
Жеткен жерде Жаң-жуңду
Он эки бөлүп кетти эле.
Ай-жан-жуңу өлгөн соң,
Алоокенин Коңурбай
Жалгыздыкты көргөн соң,
Каарданып бакырып,
Кожожашты чакырып:
Бел байлаган белимди,
Бейлеп турсаң, Кожожаш,
Кырып ийди бу качкын
Мелтиреген шеримди.
Калың казды, орумду,
Кайнатты далай шорумду,
Кырып ийди көрдүнбү,
Кыйла кытай зорумду.
Жүргөнүнөн чаң чыгат,
Добушунан жан чыгат.
Умачтай ачты уйкумду,
Упурак кылды журтумду.
Аны айтып Коңурбай
Калың кара колуна
Капта деп кылды өкүмдү.
Кайраттанып каканчын,
Калың кытай жыйылды.
Уялуу журт кытайдын
Урушу кайдан тыйылды,
Жалгыз Алмаң кой кашка,
Жалпы кытай жыйылды.
Жабылып кытай аянбай,
Жалгыз Алмаң берендин
Башына салды кыйынды.
Кара жаак ач болот
Колдо жүрөт кыңгырап,
Кожожаш менен Коңурбай,
Бул экөөнөн башканы
Бучкагына теңебей,
Алакең жүрөт зыңгырап.
Жамгырдай кылып жаа тарт
Жалпы кытай жабылып,
Жөө күлүк менен Канжаркол
Бир жагынан камынып,
Алтымыш күн алышып,
Бир жагынан Каражой
Кытайлар аңдып калышты.
Кебез белбоо, кең өтүк
Кечилдин каны Коңурбай
Керүүдөн чыкты керилип.
Коңурбайды көргөндө
Кан Алмамбет жалгыз кул
Каарданып туралбай,
Сарала менен самсытып,
Сандыргалуу Алмамбет
Ачып көздү жумганча,
Андай-мындай дегиче,
Коңурбайга жетти эми.
Жеткен жерден Алмаң шер
Алгаранын үстүнөн
Кечилдин каны манжуну
Көмө коюп өттү эми.
Сарала менен бурулуп
Кан Алмакең жеткиче,
Айбандан күлүк Сарала
Тизеси жерге бүгүлүп,
Жыгылып кетпей, сүрдүгүп,
Мүдүрүлүп кеткени,
Башында алтын калканы
Учуп жерге кеткени.
Ат оюнчу жөө күлүк,
Казыналык чоң мерген
Каражой уулу Кожожаш
Мергендикке тазасы,
Мелтиреп кармап сыр бараң
Белен турган машасы.
Башында алтын калканын
Берен Алмаң көй кашка
Көтөрүп башка салгыча,
Аманат жанды бекитип,
Бек камынып алгыча
Тартып ийди Кожожаш,
Талкан болду асыл баш.
Алакең окко учканда
Кап-караңгы түн болду,
Кайрылгыс мүшкүл күн болду.
Кайран шерден айрылып,
Калың кошуун кайгырып,
Кан Алмамбет өлгөндө
Калайык ыйлап, кан ыйлап,
Калың кошуун баары ыйлап.
Ээр токум үстүндө,
Туйлап чыкты Сарала,
Жанбашка ок жанылып,
Үч бут менен жүгүрүп,
Аманат жанын моминтип
Кыйнап чыкты Сарала.
Бетеге башын кайсактап
Оттоп чыкты Сарала,
Кулуну калган бээдей
Тура калып кишенеп,
Жоктоп чыкты Сарала.
Кыймалуу жактан чалдырып,
Кыйындардын баарысын
Кытайга белек алдырып,
Каран башка күн түшүп,
Күн көрүнбөй түн түшүп,
Бээжинге кирип кайрылып,
Берендерден айрылып,
Каз айланбас зоосу жок,
Караан тарткан кошунду
Ажыратып алуучу
Алмамбет баатыр тоосу жок.
Алакандай кошуунду.
Нечен азап көрдү деп,
Алты күлүк ат менен,
Алакандай кат менен
Эр Манаска чаптырды.
Ырамандын Ырчыуулу,
Ычкыры түпөк кырк муундуу,
Айкырык салып кеп айтып,
Арстаным Манас деп айтып.
Бел байлаган белдерден,
Белгилүү Манас кабылан,
Айрылдык асыл шерлерден.
Ит-Өлбөстүн чөлүндө
Согушуп жатып кайрылдык,
Алмамбет, Чубак арстан шер,
Улак кандын Сыргак эр,
Кырк кыраандын ичинен
Он экиден айрылдык.
Калыңдап казды оруңду,
Кайнатып минтип шоруңду,
Өлтүрдү Алмаң чоңуңду!
Бейжайлуу кытай калың журт
Момундай салды сонунду.
Бейпай кылды белиңди,
Кырды кошун элиңди.
Кыйыным Алмам дагы жок,
Баатырым, ким токтотот чебиңди?
Кырк кан эли козголуп,
Кытайлар каарданып калыптыр,
Каканчылуу Бээжинден
Кез болгон адам оң болбойт,
Каражой уулу Кожожаш
Ошо келип калыптыр!
Эр Кожожаш келгенде
Музбурчак, Көкчө кан өлдү,
Бу Бээжинге кезиккен жандын баары өлдү.
Деп ошондо муну айтып,
Өлбөй-житпей шалайып,
Алакандай жазган кат,
Караса Манас алайып
Алакең жазган кат экен,
Катын тиктеп караса
Кайгырып жазган кайран шер:
Арстан Манас, жан достум,
Атыңды оңдоп токуп кет,
Арстаным достум, өлдү деп
Жакшылап куран окуп кет.
Күн тийбес шаарың бузуп кет,
Көп токтобой бул жерге
Күдөрүң менден үзүп кет.
Алакең катын көргөн соң,
Каарданып кеп бүтөп,
Ошондо кабылан Манас оңгурап
Каңырыгы бек түтөп,
Ителгидей кайран көз,
Ирмебей көзгө жаш алып,
Жаралуу Манас жабыркап,
Кабырга сөөгү сөгүлүп,
Каныңдын көөнү бөлүнүп,
Каарданып күрүлдөп,
Арстандай көзү жайнады,
Каалгадай кайран тиш
Канын Манас кабылан
Бөлө-бөлө чайнады:
Эгиз козу түгөйүм,
Эгиздерди жеп алып,
Эми кантип жүрөйүн!
Алданын салган буйругун
Моюнга келди, көрбөсөм,
Асылдардан айрылып
Аңкайып куру тартканча
Мен Бээжинге кирип өлбөсөм!
Кечилдин каны Коңурбай
Башын кесип албасам,
Каражой уулу Кожожаш
Алмамды сойгон беренди
Кармап алып талаага
Курмандыкка чалбасам
Манас болбой өлөйүн,
Кыйындардан айрылып
Кыйналып карап тургуча
Туубай туна чөгөйүн!
Күрмө кийген калдайдын
Күчтүүсүн кармап алайын,
Таш сайынган кытайдын
Тазасынан өлтүрүп,
Алмамбет өчүн алайын!
Кан Манас минтип турганда
Берендин баары күйүнүп,
Кайраты жок жамандар
Кайран жандан түнүлүп,
Көздөрү кетип алайып,
Көп журтун кейип турду эле.
Колдогону Кожосан
Колтугунда камынып,
Кара чаар арстан
Капталында чамынып,
Кытайга кыргын салууга
Кыйынын төрөң камынып,
Тулпардан сонун Аккула,
Желгенине жел жетпес,
Басканына мал жетпес,
Кара байыр казанат,
Калбыр опко жез канат,
Алты ай минсе арыбайт,
Асылыңдын Аккула
Алтымыш асый болгуча
Азуусун сөйкөп карыбайт.
Ок өтпөгөн суп жабуу,
Каныкей бейбак жасаган,
Аккулага куп жабуу.
Айбалтаны колго алып,
Каарданып күпүлдөп,
Ошондо Манас дүпүлдөп,
Бек кармаган чеп таштан,
Берениң Манас кой кашка,
Арстан кайдан аянып,
Ак келтени таянып,
Ичке басып төтөлөп,
Аккуланы жетелеп,
Короздой болгон кайран шер,
Колдоюп карап турганы.
Ошондо Каражой уулу Кожожаш
Тизеси жерге бүгүлүп,
Жебеден мурун жүгүрүп,
Мергендиги ашынып,
Кызыл кийим кийинип,
Бүргөдөн бетер түйүлүп,
Белесте кара кыяга
Кожожаш жетти жашынып.
Манастын өзүн атса ок өтпөйт,
Астындагы Аккула
Аңдып турган Кожожаш
Омурткага бир койду.
Жебенин огу жеткени,
Жеткен жерде Аккула
Ооз омуртка сөөгүн
Таарый берип кеткени.
Кабыландын Аккула
Күрөөдөн кара кан кетти,
Күрсүлдөп Манас султаның,
Падышаңдан ал кетти.
Кабыландын Аккула
Бир кишенеп алганы,
Тегеренип Манаска
Ээгин артып калганы.
Ошондо көрдү Манас кан
Дүнүйөнүн жалганын.
Нардай күлүк Куланын
Кашык каны калбады,
Коштоюн десе турбады.
Кутпаны көздөй бет алып,
Too кулаган эмедей
Кургуруңдун Аккула
Ошо кезде сулады.
Азаптуу дүйнө оңбо деп,
Арман бир кылып тура албай,
Падыша бармакты жара чайнады.
Алача моюн ак шамшар,
Ала коюп кайран шер,
Аккуланы чалганы.
Өлчөөсүз дүйнө оңбой кал,
Өлбөй кантип жетем деп,
Таласты аман мен көрсөм,
Кагылайын Куламдын
Жайылган жибек көкүлүн
Белекке жыттап кетем деп,
Кулагы менен көкүлүн
Берениң кесип алды эми.
Куркурата кур жыттап,
Куушуруп кармап бур жыттап,
Курдашым Кулам деп жыттап,
Берениң Манас көк жал кан
Мээнеттүү канча күн түшүп,
Бек кейип турду кабылан.
Берениң кайдан аянып,
Ак келтени таянып,
Аккула окко учуруп,
Алмамбет шейит кечирип,
Канатынан кайрылып,
Кара бир кылып отурган
Кан Чубактан айрылып:
Алмамбет астыга жүрсө ак жолум,
Сыргагым айдап жүрсө сан колум.
Сан колумдан айрылып,
Сары оору тиер кез беле?!
Сандыргалуу Чубагымдан айрылып,
Ушинтип кетер чак беле?!
Кечээ Жылгындынын оюнда,
Кең Таластын боюнда,
Жаяны кесип жечүү элем,
Жанымда Чубак бар болсо,
Жаңжунду бузам дечүү элем.
Тынч жатканда курган жан,
Казыны кесип жечүү элем,
Кадырман Алмамбет карап турганда,
Мага кагышчуу кайда дечүү элем.
Кара болот зулпукор
Көөлөшөрмүн дечүү элем,
Карап Сыргак турганда
Он сегиз миң ааламга
Курган жан жөөлөшөрмүн дечүү элем.
Ок өтпөгөн келбото
Кийишермин дечүү элем.
Ойрондор болсо жанымда
Он сегиз миң ааламга
Мен тийишермин дечүү элем.
Нарга жүгүң артып кет,
Айласы жок шум жалган,
Эми аманатың тартып кет,
Кыясы кымбат Бээжинден
Кызылды минсем өтөмүн,
Эрендерден айрылып
Эми жангыз кантип кетемин?!
Адырда жылкы алабаш,
Аргымак, буудан аралаш,
Аны жыйып алуучу
Аркада эркек бала жаш.
Арбайтып жалгыз таштабай,
Алмамбет, Чубак ала жат.
Аккуламдан айрылып,
Арбайып жөө турамын,
Алмамбет, Чубак тууган жок,
Эми кандай гана айла кыламын?!
Ошо кезде айкөлүң
Каарданып калды эми,
Асынганда айдалынын айнеги,
Айкашкан жоого бир койсо
Аманат жандын баргеги.
Кечээ кабылан Манас кан заадам
Ырыскысы Алтайда
Жөнөп жаткан кезинде,
Энекеси Чыйырды
Төрөп жаткан кезинде,
Кудай кылган убара,
Байбиченин алдына
Келген экен ошондо
Бир аксакалчан дубана.
Байбиче айтканыма көнгүң деп,
Арстан экен бу бала,
Жашы он экиге келгенде
Аманат кылып бергин деп
Ошондо берген болот ок.
Кайкайып турган кайран бел
Бүктөлгөндө атсын деп,
Алмадай болгон куу башка
Күч келгенде атсын деп,
Аманат жандан түңүлүп,
Жадаганда атсын деп
Төрөгөндө оозандырып табыштап,
Ойрон энең Чыйырды,
Каныкей экөө биригип,
Бекитишкен ал окту
Ак олпоктун жакасына табыштап.
Жакасын кармап салбырап,
Жанагы көк жал турганда,
Алмамбет санап күйүнөт,
Жакага тиккен жалгыз ок,
Колго топчудай болуп илинет.
Ок колуна тийгенде
Кабылан токтобой сого калды эми.
Жакшы атар жарым дарыны
Кабылан ак келтенин оозуна
Күпсөрдөн алып куйду эми,
Баягы касиеттүү болот ок
Күр дегизе урду эми.
Жеткилең кылган дүрбүнү
Жети имерип толгоду.
Жеткен жерди көргүн деп,
Падыша жети аркан жерге болжоду.
Тобокел деп дүрбүнү
Оң имерип толгоду.
Кайран төрө кабылан
Кайра байлап кабыштап,
Кадимки чоң дүрбүнү
Аккелтенин үстүнө
Кошо байлап табыштап,
Асыл төрө туйгунуң
Аккелте колго алды эми.
Ээр белдей кара таш,
Эрикпей кармап падышаң
Ошондо арта салды эми.
Мунарыктап учтанган,
Булуңгур болуп бурчтанган,
Буйруксуз кара капырдын
Бурчун көрүп калды эми.
Кумурскадай кайнаган
Журтун көрүп калды эми:
Жер айланып тоз болгон,
Кабар алып канынан
Токсон Бээжин козголгон,
Эчен сонун жан болгон,
Каарданып мактанып,
Бээжинге Кожожаш чочко кан болгон.
Бейилдүү кара капырдын
Бектерин жыйнап алыптыр,
Берени калча, Кожожаш,
Баарысы тогуз кан болуп,
Алар мактанып жатып калыптыр.
Чынчы кандан Кожожаш,
Чын мактанып алыптыр:
Кара сууда кеме жок,
Кытайлар, кайран башым турганда
Силерге каш кайтарар неме жок,
Өзүмдөн башка төрө жок.
Атышып кыргын болгондо
Буруттун Алмамбетин аңтардым.
Акбалтанын Чубагын,
Аңылдаган чунагын
Бу Бээжинден каңтардым.
- Семетей. Семетейдин айчүрөктү издеп жөнөшү
- Коңурбайдын таласка чабуул салганы
- Семетей. Айчүрөктүн семетейди сындашы
- Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак
- Манас. Аккула менен Алгара