Көк карагай
Көк карагай - карагайлар тукумунун ийне жалбырактуулар уруусундагы дайыма жашыл дарак. Сөңгөгү түз (бийиктиги 50-100 метр, диаметри 2 метр ), конус сымал калың шактуу. Кабыгы жылмакай, жука. Жалбырагы ичке, ийне сымал учтуу. Аталык тобурчагы жалгыздан жалбырак колтугуна чыгат. Энелик тобурчагы катуу, уругу үч бурчтуу, сүйрү. Түндүк жарым шарда көк карагайдын 40 тай түрү; мурунку ССРБ нин аймагында 8-9 түрү (сибирь көк карагайы, кавказ көк карагайы жана башкалар) бар. Көк карагай 200 (айрым түрү 500-700) жыл өсөт.
Дарагы жыгаччылыкта, курулушта, жашылдандырууда, целлюлоза, кагаз өндүрүшүндө пайдаланылат. Кабыгынан баалуу чайыр алынып, бальзам жасалат. Ийне жалбырагы менен жаш бүчүрүнөн көк карагай майы алынып, камфора майы чыгарылат. Кыргызстанда көк карагай Талас Ала-Тоосунда, Ат-Ойнок, Узун-Акмат, Чаткал, Суусамыр кырка тоолорунун капталдарында жана башка жерлерде өсөт.