Карамолдо Орозов
Карамолдо Орозов
Карамолдо Орозов (өз аты Токтомамбет; 1883-жылы азыркы Ысык-Көл районунун Корумду айылында туулуп,1960-жылы ошол эле жерде дүйнөдөн өткөн.Ал залкар комузчу- аткаруучу жана күүчү катары таанылган. 1935-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти болгон. 1939-жылы Москвада өткөн бүткүл союздук элдик аспаптарда ойноочулардын лауреаты аталган. 1928-жылы Бишкекке чакырылган. Ошондо анын ЗОдай күүсүн А.В. Затаевич нотага түшүргөн. 1931-36-жылдары. Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1936-54-жылдары кыргыз филормониясынын артисти ал эми 1958-60-жылдары М. Күренкеев атындагы окуу жайынын кыргыз Эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыргыз искусствосунун (1939), Москвада өткөн он күндүктөрүнө, 1942-44-ж. Орто Азия республикасынын жана Казакстандын Фрунзеде, Ташкенде өткөн музыкалык декадасына катышкан.1951-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Элдин турмушун баяндаган "Сынган Бугу","Көкөй" кести", "Такмаза", "Жөө калды", "Насыйкат", "Ибарат", "Дүнүйө" ж.б.күүлөрдү чыгарган. Өзү жашаган советтик темага " Шайыр камбаркан", "Колхоз камбарканы" ж.б. күүлөрдү жараткан. 1961-ж 25-февралында Т. Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамлекеттик Филармониясынын Эл аспаптар оркестрине жана Нарын шаарындагы музыкалык мектепке , Корумду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысымы берилген. Музыка изилдөөчү Б.Алагушов мектепке Карамолдонун музейин ачкан, "Карамолдо"(1962ж) "Карамолдонун күүлөрү" (1977ж) аттуу китептерди жазган.
- Шырдак
- Мүйүз уста
- Тери иштетүү жана тери буюмдары
- Кездемелерди боеонун ыкмалары
- Бычмачылык жана тикмечилик