Кар
Кар - абанын температурасы 0° Сден төмөн болгон мезгилде булуттан кристалл түрүндө жааган жаан-чачындын түрү. Формасы ар кыл, негизинен ал алты бурч жалпак кристалл түрүндө болот. Кардын негизги мүнөздөмөлөрү: калыңдыгы, тыгыздыгы, суунун запасы. Кар эл чарбасында чоң роль ойноп, күздүк эгиндердин кыштан үшүк албай чыгышына чоң таасир тийгизет, топуракта жазгы нымдын топтолушуна шарт түзөт жана башка. Мурунку ССРБ нин аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө кар тоолуу аймактарга, айрыкча Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына, Суусамыр өрөөнүнө, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышына арбын жаайт. Топурак нымын сактоо үчүн кышында кар топтоо жана башка агротехникалык иштер жүргүзүлөт.
- Жердештирүү же заземление
- Гематома же көгөрүү
- Коңур баш
- Карантин өсүмдүк зыянкечи жана илдети
- Балык питомниги
Ой-пикирлер