Кирүү

Ит мурун

Ит мурун - роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Бадал, сейрек лиана (чырмалма), кээ бири чөп сыяктуу өсөт. Сөңгөгү, бутактары тикендүү, жалбырагы татаал. Гүлү 5 мүчөлүү, кош жыныстуу, желекчелери түркүн түстө. Мөмөсү майда жаңгакча, катуу түпчөлөр менен капталган. С витаминине (А провитамин, Вr,Р, К да бар), кант, крахмал жана азоттуу заттарга бай.

Мөмөсү тамак-ашка жана С витаминин алууда чийки зат катары керектелет. 350-400 (башка маалымат боюнча 100-250) түрү, мурунку ССРБ нин аймагында 250 дөй (башка маалымат боюнча 60-150) түрү Түндүк жарым шарда өсөт. Мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүндө, өзгөчө Кавказ менен Орто Азияда кеңири таралган. Кыргызстанда 22 түрү өсөт. Чүй өрөөнүндө өстүрүлүүчү казанлык розасынан парфюмериялык роза майы алынат. Ит мурун кооздук үчүн жана эгилме розаны түрлөндүрүүдө пайдаланылат.

Ой-пикирлер