Ген деген эмне
Ген - тукум куугучтук бирдиги. Терминди даниялык окумуштуу В. Иогансен 1909-жылы киргизген. Ген - дезоксири-бонуклеин кычкылынын (ДНК) молекуласынын (айрым вирустарда - рибонуклеин кычкылы - РНКнын) бир участкасы. Жайгашкан ордуна карата ген хромосомалык (ядролук), цитоплазмалык же пластидалык болушу мүмкүн. Ар бир ген белгилүү бир белоктун (ферменттин жана башкалардын ) синтезделишин камсыз кылат жана көзөмөлдөйт.
Гендер организмдин бардык химиялык реакцияларын башкаруу менен анын белгилүү касиеттери жана белгилеринин жаралышын аныктайт. Ген ДНКнын бир нече нуклеотиддеринен турат. Нуклеотиддердин түз жайгашуу ирети генетикалык маалыматты чечмелейт. Ген бөлүнөт жана анын аракети айрым бөлүктөрүнүн жыйындысына жараша болот. Гендин бөлүктөрү рекомбинацияга (жуп хромосомаларда бөлүктөр өз ара алмашып гендин жаңы айкалышынын пайда болушу) жана мутацияга жөндөмдүү. Аргындаштырууда особдордун хромосомалары гендери менен гана алмашпастан, анын бөлүктөрү менен да алмашат.