Гемоглобин кан пигменти
Гемоглобин - адамдын, омурткалуу жана айрым омурткасыз жаныбарлардын канындагы эритроциттин кызыл пигменти. Гемоглобин канга кызыл түс берүү менен кычкылтекти (О2) өпкөдөн тканга жана көмүр кычкылын ткандан өпкөгө жеткирүү милдетин аткарат.
Гемоглобиндин молекуласы глобин белогунан жана темирдүү порфиринден турат. Айрым омурткасыздардын канында гемоглобин плазмада эркин эриген түрүндө болот. Омурткалуу жана айрым омурткасыздардын кызыл кан клеткаларынын (эритроциттеринин) кургак калдыгынын 94% ын гемоглобин түзөт. Гемоглобин организмде кычкыл жегичтик тең салмактуулукту сактоого, кандын буфердик системасына катышат. Жылкынын 100 миллилитр канында 13,6 грамм, уйдукунда 11 грамм , чочконукунда 10 грамм , койдукунда 11,6 грамм, эчкиникинде 10,7 грамм гемоглобин болот.