Дарыя, суу
- Күүн-күүн күркүрөйт,
Күмөн тайлак буркурайт.
Күмөн тайлак ичинде,
Седеп, мончок жылтырайт.
Оюп алсам — орду жок,
Кесип алсам каны жок. - Өрттөсөң күйбөйт.
Чапсаң етпөйт. - Тектир, кырга гүл чыгат,
Таш колоттон үн чыгат. - Бир атым бар кишенебес,
Отту көрсө тиштебес. - Жазында ташыйм,
Кышында катыйм.
Жалпы эл үчүн,
Кымбатка татыйм. - Жай болгондо көбөйүп,
Кыш болгондо азаят; - Кете берет, кете берет,
Аркасына карабайт. - Күлүң-күлүң, күлүң ат,
Күлүп өттү билдиңби?
Көлөкөсүн көрсөтпөй,
Жүрүп кетти билдиңби? - Өзү узун, көлөкөсү жок.
- Өзү бар, көлөкөсү жок.
Ой-пикирлер