Кирүү

Дарыя деген эмне

Дарыя - жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардан куралып, табигый нук боюнча аккан суу агымы. Дарыяны кургактык гидрологиясынын бир тармагы - дарыя гидрологиясы изилдейт. Узундугу , жазылыгы, алабынын аянты, тереңдиги , агымды бойлото эңкейиштеги, деңгээли, агымынын ылдамдыгы, суу чыгымы, шилендилери, суусунун химиялык курамы жана башка менен мүнөздөлөт.

Бул гидрологиялык элементтердин өзгөрүшү дарыя режими деп аталат. Режими жана өрөөнүнүн түзүлүшү боюнча тоолуу жана түздүк дарыяга бөлүнөт. Дарыянын эң алгачкы куралган жери - башаты, көл, дециз, океанга же башка дарыяга куйган жери - чаты деп аталат. Орто Азиянын көп дарыялары сугатка пайдаланылып, төмөнкү агымы тармактанган сугат каналдарына бөлүнөт.

Кыргызстанда Нарын - 807км, Чүй - 1030км. Климат жана башка физикалык географиялык өзгөчөлүктөргө жараша дарыя суунун куралышы 4 типке бөлүнөт: жамгыр, кар, мөңгү сууларынан, жер астындагы суудан куралат. Көп учурда дарыя суусу бир эле мезгилде кар, мөңгү сууларынан куралат. Бул учурда алардын бирөө (кар же мөңгү суусу) басымдуулук кылат (мисалы, Нарын - кар-мөңгү сууларынан, Чоң Кемин - мөңгү-кар сууларынан куралат жана башка ).

Кандайдыр бир убакыттын (он күн, ай, мезгил, жыл, бир нече жыл) ичинде дарыяда агып өткөн суунун өлчөмү дарыядагы суунун ошол мезгилдин көп жылдык орточо маанисине салыштырмалуу көп же аз экендигин мүнөздөйт. Эл чарбасында дарыянын мааниси өтө чоң жана ар түрдүү. Дарыя - ичилүүчү жана өнөр жайлык суу булагы, ал суу сактагычты толтурууга, ГЭСке, сугат системасына, суу транспортуна, балык чарбасында жана башкага пайдаланылат.

Ой-пикирлер