Кирүү
Айыл чарба бөлүмү
Кысыр калуу - тубар малдан пландаштырылган төлдүн толук алынбай калуусу. Кысыр калуу жыл аягында пландаштырылган төлдөн алынбай калган төлдүн процентин чыгаруу жолу менен аныкталат
Кысыр аңыз - бир же андан көп жыл айдалбаган бош жер. Айрым учурда жер 8-15 жыл айдалбай бош калтырылат. Ал жер чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат. Кысыр аңыз дыйканчылык системасы Кысыр аңыз дыйканчылык системасы - дыйканчылыктын алгачкы эң жөнөкөй э
Кыртыш, жер кыртышы - жердин үстүңкү катмары, топурак менен маанилеш. Кыртыш жумшартуу Кыртыш жумшартуу - топурактын үстүнкү катмарын жумшартуу; айыл чарба өсүмдүгүн багып өстүрүүнүн бир ыкмасы.
Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясы - Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмесине карайт. Ош областынын Кара-Суу районунда. 1926-жылы Бүткүл союздук пахта илимий изилдөө институтунун Кыргыз зоналык станция катары уюшулган.
Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси - республикада мал чарбасы боюнча бирдиктүү илимий-өндүрүштүк жана чарбалык комплекс. 1976-жылы уюшулган. Башкы илимий мекемеси - Кыргызстан мал чарба илим изилдөө институту.