Кирүү

Бүбүсара Бейшеналиева

Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылындадыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган. Ал- белгилүү балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-49-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1954-жылы Республиканын эл артисти наамын алган. 1949-жылдан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын педагогу.

Бүбүсара кыргыз искусствосунун Москвада өткөн биринчи декадасында (1939-ж) бийлеп чыккан. Сахнада тунгуч ирет В.Власов менен Ференин "Селкинчек" балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү жана жакшы профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Бүбүсаранын күчтүү хореографиялык таланты "Чолпон" жана "Раймонда" спекталдеринде ачык-айкын байкалган. Андан кийинки аткарган негизги ролдору: Лиза (П.Гертель, "Курулай сактык", 1948), Мария жана Зарема (Б.Асафьев, "Бахчисарай фонтаны", 1949), Одетта- Одиллия (П.Чайховский, "Аккуу көлү", 1950), Анар (Власов жана Фере, "Анар", 1950-57), Асель (Власов "Асель") ж.б.

Бүбүсара улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды бүтүндөй бир галериясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантынын бардык көркү менен ар тараптан ачууга жетишкен.

Бүбүсара телегейи текши өнүккөн балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчилик өнөрү үчүн тубаса көрктүү мүчөнүн бийик профессионалдык маданияты менен шайкеш келиши, терең психологизм менен айкын интелектуализмдин, назиктик менен кайраттуулуктун, кыймылдын таамайлыгы менен эмоциялуулугунун айкалышы өтө мүнөздүү. Артисттин ар бир көрсөткөн оюну сулуулуктун, назиктиктин, шаттыктыктын жаркын майрамына айлана турган.

Бүбүсара кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган.

Ой-пикирлер