Кирүү

Ботаниканын деген эмне

Ботаника - өсүмдүк жөнүндөгү илимдер жыйындысы. Ботаниканын негизги тармактары: өсүмдүк систематикасы (өсүмдүктөрдүн тектик байланышын - филогенияны, классификациясын изилдейт), морфология (сырткы түзүлүшүн), анатомия (ички түзүлүшүн), эмбриология (жыныстык элементтерин, түйүлдүктүн өөрчүшүн), палеоботаника (казып алынган өсүмдүктөрдү), физиология (өсүмдүктүн тиричилигин жана функциясын), биохимия (өсүмдүктүн химиялык составын жана биохимиялык процесстерди), экология (өсүмдүктүн чөйрө менен жана башка организмдер менен өз ара байланышын), өсүмдүк географиясы (өсүмдүктүн таралышын), геоботаника же фито-ценология (өсүмдүк жамаатташтыгын), экономикалык ботаника (өсүмдүктөрдү эл чарбасында пайдаланууну), фитопатология (өсүмдүк илдеттерин изилдейт) жана башка изилдөө объектилери жана ыкмалары, ошондой эле практикалык мааниси боюнча айырмаланган башка да көп ботаникалык тармактар бар.

Мисалы, морфология, карпология, палинология, тератология жана башкалар. Өсүмдүктөрдүн систематикалык өзүнчө топторун альгология (балырларды), бриология (мохторду), дендрология (дарак, бадалдарды) жана башка изилдейт. XX кылымдын ортосунан өзүнчө топко бөлүнгөн козу карындарды изилдөөчү микология илими да ботаникага кирет. Өсүмдүк жөнүндөгү алгачкы маалымат Байыркы Чыгыштын жазма даректеринен белгилүү. Ботаника илим катары байыркы грек табият изилдөөчүлөрүнөн башталган. Өсүмдүктөрдү 1-жолу классификациялоого аракет жасап, сыпаттап жазган Теофрастты ботаниканын "атасы" деп эсептешет. XV кылымдан баштап ботаника тез өнүгүп, анын улам жаңы тармактары пайда боло баштайт.

Ботаниканын өнүгүшүнө XVIII кылымдын орто ченинде швед окумуштуусу К. Линнейдин ботаниканын ушуга чейинки өнүгүшүн жыйынтыктоосу, XIX кылымда физика менен химиянын жетишкендиктери, клетка теориясы жана Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусу, XX кылымда генетика менен молекулалык биологиянын өсүшү чоң таасирин тийгизген. XX кылымдын 2-жарымынан ботаниканын бардык тармактарында математикалык , физикалык жана химиялык изилдөө ыкмалары кеңири колдонулууда. Азыр өсүмдүктөрдүн биосферадагы ролу, аларды биосфера компоненти катары коргоо, өсүмдүк дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо жана аны адамдын кызыкчылыгы үчүн пайдалануу маселелери 1-орунга чыкты.

Жапайы жана эгилме өсүмдүктөрдүн азыктуулугун жогорулатууда, азык-түлүк маселесин чечүүдө ботаникалык ролу күчөдү. Ботаниканын негизги тармактары менен катар өсүмдүк өстүрүүчүлүк, токой чарбасы, жашылдандыруу, айрым өнөр жай тармактарынын (тамак-аш, кагаз-целлюлоза жана башка ) биологиялык негизи болгон колдонмо тармактары да өнүгүүдө. Ботаника илими айыл чарба менен тыгыз байланышта.

Өсүмдүктүн өсүшүнүн негизги мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп, ботаника агрономияга агротехникалык ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн керектүү маалымат берет. Ботаниканын жайыт, чабынды, шалбаа чөбү жөнүндөгү маалыматтары чоң мааниге ээ. Чөптүн түрлөрү, тоюттук касиети, табигый жол менен калыбына келип турушу, жыл мезгилине жараша сапатынын өзгөрүшү, отоо чөп жана башка жөнүндөгү айыл чарбага керектүү маалыматтар ботаникалык изилдөө ыкмалары аркылуу алынат. Уулуу өсүмдүк, малдын ылаң козгогучтарын өсүмдүккө байланыштуу изилдөө менен ветеринарияда , жар, кумдак жерлерди бекемдөө, талаа коргоо токой тилкелерин түзүү сыяктуу мелиорация иштерин жүргүзүүдө, токой чарбасы үчүн ботаниканын мааниси чоң. Кыргызстанда геоботаникалык, картографиялык материал топтолуп, эл чарбасында пайдаланылууда.

Дары жана башка пайдалуу өсүмдүктөр изилденүүдө. Кыргызстандын аймагында өсүүчү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн 11 томдук "Кыргызстандын флорасы" аттуу аныктагыч жана башка көп тематикалык аныктагычтар түзүлгөн. Жайыт, чабынды, шалбаа чөбүнүн түшүмдүүлүгүн арттырып, сапатын жакшыртууда көп иштер аткарылып, практикада колдонулууда. Ботаникалык изилдөөлөр көп илимий мекемелерде, анын ичинде айрым тармак боюнча борборлордо - В. Л. Комаров атындагы Ботаникалык институтта (Ленинград), К. А. Тимирязев атындагы Физиология институтунда (Москва) жана башка , Кыргызстанда Кыргыз ССР илимдер академиясынын Биология, Биохимия жана физиология институттарында, Ботаникалык багында, жогорку окуу жайларда жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер