Кирүү

Биология деген эмне

Биология - тирүү табият жөнүндөгү илимдердин жыйындысы. Биология тиричиликти материя кыймылынын өзгөчө формасы катары изилдейт, анын жашоо жана өнүгүү закондорун ачат. Биологиянын изилдөө объектиси - тирүү организмдер (жаныбар, өсүмдүк, микроорганизмдер), алардын түзүлүшү, функциясы, пайда болушу, таралышы, табигый биримдиги, өз ара жана жансыз табият менен байланышы болуп эсептелет.

"Биология" терминин 1802-жылы француз окумуштуусу Ж. Б. Ламарк жана немец ботаниги Г. Р. Гревиранус сунуш кылган. Биологиянын милдети: тиричилик процесстеринин бардык биологиялык мыйзам ченемдерин изилдөө, тиричиликтин маңызын ачып көрсөтүү. Биология табият таануу илимдеринин кеңири тармагын камтыйт жана тирүү табият жөнүндөгү илимдердин системасы болуп эсептелет. Анын бөлүмдөрү (ар бири өзүнчө илим) коомдун өнүгүү тарыхынын ар кайсы мезгилдеринде пайда болгон.

Ар бир биологиялык илимдин өзүнүн изилдөө объектиси бар, бирок алар татаал биологиялык маселелерди өз ара жардамдашуу, бири-бирин толуктоо жолу менен чечет. Биологияны илимдерди изилдөө объектилерине жараша классификациялоого болот:

  • ботаника (өсүмдүк жөнүндөгү илим)
  • зоология (жаныбар жөнүндөгү илим)
  • микробиология (микроорганизмдер жөнүндөгү илим).

Изилдөө объектилери боюнча бул илимдер да өз ичинен бир нече тармакка бөлүнөт:

  • ботаника - микология (козу карын жөнүндө)
  • дендрология (дарак жана бадал жөнүндө) жана башка тармактар;
  • зоология - гельминтология (мите курттар жөнүндө)
  • энтомология (курт-кумурска жөнүндө)
  • ихтиология (балык жөнүндө)
  • орнитология (куштар жөнүндө) жана башка тармактар.

Тирүү организмдерди классификациялоону жаныбар систематикасы жана өсүмдүк систематикасы жүргүзөт. Биологияны неонтология (азыркы органикалык дүйнө жөнүндө) жана палеонтологияга (өлүп жок болгон казылма организмдер жөнүндө) бөлүүгө болот.

Биология көптөгөн маселелерди: цитология, эмбриология, экология, генетика, физиология, биохимия, биофизика жана башка илимдерди изилдейт.

Аталган илимдердин ар бири айрым тармактарга бөлүнөт: мисалы, анатомия - нормалдуу, салыштырма жана патологиялык анатомиядан турат.

Биологияда айрым ыкмаларды пайдаланууга байланышкан илимдерди бөлүүгө болот. Мисалы, биохимия химиялык ыкманы пайдаланып, организмдин составын, андагы бирикмелердин структурасын жана касиетин, алардын пайда болуу жолу менен закондорун, бир түрдөн экинчи түргө өтүү ырааттуулугун жана механизмин, ошондой эле алардын биологиялык жана физиологиялык ролун изилдейт; ал эми биофизика организмдеги физикалык жана физикалык-химиялык процесстерди, ошондой эле биологиялык системанын ультраструктурасын (тирүү организмдин субмолекуладан тканга чейинки түзүлүшүн) жана бүтүн организмди изилдейт.

Тирүү организмди ар кандай түзүлүш деңгээлинде изилдөөгө байланыштуу молекулалык биология бөлүнүп чыккан. Ал биологиялык системанын физикалык-химиялык касиетин молекулалык деңгээлинде изилдейт. Биометрия чоң мааниге ээ. Ал алынган биологиялык маалыматтарды математика-статистикалык жактан иштеп чыгат. Биологияда теориялык жактан изилдөөлөр менен катар практикалык багыттагы изилдөөлөрдүн да мааниси чоң.

Теориялык изилдөөлөр колдонмо илимдердин (өнөр жайлык микробиология, техникалык биохимия, өсүмдүк коргоо, агрономия, зоотехния жана башкалар) өнүгүшүн камсыз кылат. Колдонмо биология тармактары өз кезегинде теорияны жаңы маалыматтар менен байытып, анын алдына коомдун талабына ылайык милдеттерди коёт.

Тарыхы

Биология илим системасы катары байыркы гректерде пайда болгон. Байыркы грек жана байыркы Рим натурфилософтору көптөгөн өсүмдүк жана жаныбарлар жөнүндө баяндашкан. Орто кылымда (V-XV кылымдар) дин күчөп, табият таануу илимдеринин өнүгүшүнө тоскоол болгон. XVIII кылымдын 1-жарымында швед табият изилдөөчүсү К. Линней "Жаратылыш системасын" сунуш кылып, анда өсүмдүк менен жаныбарларды өзгөчөлүктөрүнө жараша класска бөлгөн. Линнейдин бинардык номенклатураны киргизиши биологиядагы чоң жетишкендик болгон.

XVIII кылымда биология илиминин маанилүү милдети өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүн каттоо болуп, ал үчүн класска бөлүүнүн ыңгайлуу системасы талап кылынган. Систематика алдыңкы илимге айланган. Ал жаңы түр таап, аны атап (ат коюп), класска бөлүү иштерин жүргүзгөн.

Айыл чарба систематикасынын муктаждыгына байланыштуу морфология, анатомия, эмбриология жана физиология калыптанып, негизинен баяндоо ыкмасы колдонулган. XIX кылымдын 1-жарымында биологияда тирүү организмдердин чоң тобунун түзүлүшүнүн бирдейлиги жана бардык тирүү организмдердин окшоштугу изилденген. Бул учурда изилдөөнүн салыштырма ыкмасы систематика, морфология жана эмбриологияда кеңири колдонулуп, салыштырма анатомияга негиз болгон.

Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы (1859) органикалык дүйнөнүн өнүгүшүнүн тарыхый мүнөзүн илимий жактан түшүндүрүп, азыркы биологиянын жаңы тармактарынын пайда болушуна негиз салган. Биологияда филогения, башкача айтканда таксономиялык топтордун пайда болушун жана алардын тектештигин изилдөө башкы маселеге айланган. Биологиялык изилдөөдө тарыхый ыкма кеңири колдонула баштаган. XIX кылымдын 2-жарымында тарыхый ыкма менен бир мезгилде эксперименттик ыкма да тез өнүккөн. Чех илимпозу Г. Мендель белгилердин тукум куугучтук мыйзам ченемдүүлүгүн аныктаган (1865). Ал "Өсүмдүк гибриддерине тажрыйба жүргүзүү" деген эмгегинде генетика менен селекцияга негиз салган.

1869-1875-жылдары К. А. Тимирязев фотосинтез реакциясында хлорофилдин маанилүүлүгүн далилдеген, хлорофилдин жарыкты жана өсүмдүктүн көмүр кычкыл газын сиңирип алышынын өз ара байланышын аныктап, өсүмдүк физиологиясына негиз салган. XX кылымда биоценология калыптанды. Анын милдети - тирүү организмдердин жамаатташтыгынын (биримдигинин) мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү. Биоценология өнүгүшү айыл чарбасында дарак отургузуу жана аны өстүрүү, шалбаа жана жайытты жакшыртуу, эгилме өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана башка менен байланышкан.

ХХ кылымда биологиянын өнүгүшү өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, изилдөөлөр молекулалык, субмолекулалык , клетка, ткань, бүтүн организм жана популяция деңгээлинде жүргүзүлүүдө. Изилдөөдө улам жаңы ыкмалар (белгиленген атомдор, хроматография, электро-форез, рентген структуралык жана активациялык талдоо жана башка) колдонулууда. Биология өнүккөн сайын жаңы тармактар (молекулалык биология, молекулалык генетика, радиобиология, космостук биология, бионика, математикалык биология жана башка ) пайда болууда. Айыл чарба үчүн биологиянын мааниси өтө зор. Генетика жана селекция мыйзамдарын, ошондой эле мал жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн физиологиялык өзгөчөлүктөрүн билүү агрономия жана зоотехния илимдерин өнүктүрүп, өсүмдүктүн жакшы сортун, малдын жаңы породасын чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ой-пикирлер