Бактериялар деген эмне
Бактериялар - диаметри 0,1-10 микрометр, узундугу 1-10 микрометр, ал эми жип сымал көп клеткалуу бактериялар - 50-100 микрометрге жетет. Көбү чабырткылуу болуп, кыймылдуу келишет. Бактериялар физиологиялык жактан ар түрдүү, биохимиялык жактан активдүү келет. Бактериялар ыңгайсыз шартка туруктуу спора пайда кылат.
Алар органикалык заттар менен (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыктанышат. Кычкылтеги бар (аэробдор), ошондой эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Бактериялар - космополиттер, бардык материкте, башкача айтканда, бардык жерде жашайт: топуракта, сууда, абада кеңири тараган.
Микрофлоранын, башкача айтканда, бактериялардын курамы экологиялык шартка жараша болот. Мисалы, жылуу, туздуу, муздак чөйрөлөрдө жашоочу бактериялар бар. Заттардын табиятта айлануусунда бактериялардын ролу зор. Бактериялар өсүмдүк жана жаныбарлардын калдыктарын толук минералдаштырып, тирүү клетканын түзүмүнө кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Чириткич бактериялардын таасиринен белок аммиакка чейин ажырап, андан ары нитритти, нитратты пайда кылат.
Азот топтоочу микроорганизмдер топуракка азот топтоп, анын кирдүүлүгүн арттырат. Бактерия жер семирткичин колдонуу да ушуга негизделген. Кычкыл сүт азыктарын (кымыз, айран жана башкаларды) даярдоодо сүт ачыткыч бактериялары колдонулат.
Сүт ачыткыч бактериялары пайда кылган сүт кычкылы чириткич бактериялардын тиричилигин басаңдатат, мунун негизинде силостоо, капуста жана башка жашылчаларды ачытуу процесстери ишке ашат. Көпчүлүк бактериялар - кишинин, малдын жана өсүмдүктүн оору, ылаң жана илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химиялык жана башка өнөр жай тармактарында колдонулат. Бактериялар Жер планетасында пайда болгон алгачкы организмдер деп эсептелинет.
- Зубр жаныбары
- Айыл-чарба администрация-башкаруу персоналы
- Витаминдердин чарбадагы мааниси
- Аэрозолдор
- Капиталдык салым