Байдылда Сарногоев. Жаштарга
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.
"Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда".
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.
- Алыкул Осмонов. Бүкөн
- Урааным сенсиң – Кыргызстан, Ырымдын обону сен – Кыргызстан
- Алыкул Осмонов. Шота Руставелиге
- Жаш Манас баатырдын алтайдагы кыргыздарга кайрылганы
- Токтосун Самудинов. Ыр-сөздүк
Ой-пикирлер