Кирүү

Байдылда Сарногоев. Мекеним

Картада кызыл түстөгү
Карасаң менин Мекеним.
Ондогон калк бар ичинде
Ошонун баары өз элим.

Элеп жатат Мекеним
Европанын жарымын.
Алып жатат Мекеним
Азиянын жайыгын.

Басканга жылдык жол болот
Батышы менен чыгышы.
Көп кылым жетпес жоо жүрсө
Космосто жатат бир учу.

Керилген биздин Мекендей.
Кең Мекен деги каякта...
Латыштар жаңы турганда
Чукчулар кечки тамакта.

Күн менен түндөй ар башка
Күз, кышы жана жай, жазы.
Таймырдын кары кетээрде,
Тажиктин бышат алмасы.

Обь, Волга, Лена, Енисей
Ондогон ГЭСтин энеси.
Калпагы көк муз карт Памир
Дүйнөнүн бийик төбөсү.

Жаткандай жашыл океан
Жайкалат токой тайгасы.
Укмуштай кооз Мекеним
Уздардын сайган саймасы.

Улуту түрлүү эл менен
Ушундай жерди жердеген,
Бир тууган он беш Союздун
Бир эркеси мен белем!

Эркеси болсом эмне экен
Эркиндик, улук теңме тең.
Сезимден кеткен кап-качан
Сен бөтөн менен мен бөтөн...

Мекеним менин бай Мекен
Береке, шаттык, санжырга
Үстүндөй чексиз байлыгы
Укташып жатат алдында.

Мекеним тынчтык Мекени
Каалабайт октун учканын
Мекеним достук Мекени
Дос кылган элдин бүт баарын.

Ой-пикирлер