Байдылда Сарногоев. Алтын тиштүү алмакан
Алтын тиштүү алмакан
Алма жыттуу, аппак келин Алмакан,
Ар күн сайын анда келбет, анда шаң.
Күндө бирди кийип чыгат көчөгө
Мода менен моюндашып ар качан.
Көп ооруйт — деп азуу тишин алдырып,
Көп өтпөстөн алтын тиштен салдырып,
Эми жүрөт эл көрбөйт — деп күлгөндө
Эртели-кеч өз ичинен кайгырып.
Күлө берет күлүүчү жер кез келсе
Жамажайы кулагына жеткенче
Кээ бирөөлөр кеп кылышып сын тагат
Оозун жыйрып, аз күлбөйбү эп көрсө.
Көнгөн адат калбас болду жоголуп,
Көп сын сөздөн кеткен да жок оңолуп.
Көп көрүнбөс алтын тиштин айынан
Кетмек болду оймок оозу чоңоюп.
- Анатай Өмүрканов. Сүйгөн жарга
- Насаат сөз. Токтогул Сатылганов
- Молдо кылыч шамыркан уулу. "зар заман"
- Алыкул Осмонов. Ысык-көлдө төрт мезгил
- Ысмайыл Борончиев. Кош, Алымкул
Ой-пикирлер