Кирүү

Атмосфера боюнча маалымат, чарбада

Атмосфера - жер шарын курчап жана аны менен бир бүтүн катары кошо айланып туруучу газ чөйрөсү жайгашкан аймак. Жалпы массасы (5,1-5,3)х1018 килограмм. Бийиктик боюнча таралышы болжол менен 20 миң чакырым, бирок жалпы массасынын 50% жер бетинен 5 чакырым, 75% - 10 чакырым, 95%-20 чакырым жана 99% 30-35 чакырымга чейинки гана катмарда топтолгон. Атмосфера аба массасы бир нече газдардын аралашмасынан турат. Курамынын негизгилери: азот (78, 08%) менен кычкылтек (20,95%); аз санда аргон (0,93%), көмүр кычкыл газы, неон жана башка кездешет. Абанын составында каллоиддик майда суу тамчылары (буу), муз бүртүкчөлөрү жана чаң болот. Бийиктеген сайын абанын тыгыздыгы азайып, жогорку чеги таасын байкалбай планеталар аралык чөйрөгө өтөт. Температуранын бийиктик боюнча таралыш өзгөчөлүктөрүнө жараша атмосфера 5 негизги катмарга бөлүнөт: тропосфера (9-17 чакырымга чейин), стратосфера (50-55 чакырымга чейин), мезосфера (80-85 чакырымга чейин), термосфера (500-800 чакырымга чейин), экзосфера (800-1000 чакырымдан жогору). Алардын чегиндеги анча калың эмес кабатчалар тропопауза, стратопауза, мезо-пауза жана термопауза деп аталат.

Тропосферада абанын атмосфералык нымдын дээрлик бардыгы топтолгон, аба ырайын түзүүчү негизги процесстер (булуттун пайда болушу, жаан-чачындын түшүшү ж. б.) болуп турат. Тропосферанын жер бетине жакын төмөнкү (500-1500 мге чейин) катмары атмосферанын чегинин катмары, же "сүрүлүү катмары" деп аталат. Сүрүлүү катмарындагы абанын турбуленттик алмашуусу жер бетиндеги шамалга жана метеорологиялык элементтердин суткалык өзгөрүшүнө чоң таасир тийгизет. Атмосферанын негизги касиеттерин мүнөздөөчү көпчүлүк элементтер (температура, басым, тыгыздык, ным ж. б.) мейкиндик жана мезгил боюнча өзгөрүлүп турат. Мисалы, тропосферада орто эсеп менен ар бир 1000 мгс көтөрүлгөн сайын температура 6°Сге төмөндөйт. Мындай көрүнүш мезосферада да байкалат. Ал эми стратосфера термосферада тескерисинче жогорулаган сайын температура артат. Жогорулаган сайын атмосфералык ным азайып, тропосферанын чегинен ары дээрлик жоголот, абанын басымы менен тыгыздыгы азаят; абанын составындагы молекулалар атомдорго ажырап, иондошуу процесси күчөйт.

Атмосфера күн радиациясынын бир бөлүгүн чачыратып, өзүнө сиңирет. Өзү да узун толкундуу инфра-кызыл нур чыгарат. Жерден чыккан узун толкундуу нурлардын 3/4үн космоско жибербей сиңирип алып, жер бетиндеги табигый процесстерге керектелүүчү жылуулуктун жалпы санын арттырат. Атмосфера менен жер бетинин үзгүлтүксүз жылуулук жана ным алмашуулары, аба массаларынын тынымсыз кыймылы климат түзүүчү негизги процесс болуп эсептелет. Атмосферадан жаан-чачын пайда болот. Атмосфера кургактыктарды суу менен камсыз кылат; жылуу алкакта топтолгон жылуулук энергиясын муздак жана мээлүүн алкактарга алып келип таратып, бир жердин өтө ысып, экинчи жердин өтө муздап кетишине жол бербейт, тоо тектердин талкаланышына шарт түзүп, жер бетин өзгөртөт. Тирүү организмдерди кыска толкундуу ультракызгылт жана көк нурлардын терс таасиринен сактап, абадагы кычкылтек жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн дем алуусун камсыз кылып, көмүр кычкыл газы өсүмдүктөрдөн фотосинтез процессинин жүрүшүнө шарт түзөт.

Атмосфера басымы

Атмосфера басымы - атмосферадагы абанын жер бетине жана абада калкыган бардык нерсеге болгон басымы. Ал басым нерсенин үстүндөгү абанын салмагы менен аныкталат. Атмосфера басымы 45° кеңдиктеги деңиз денгээлинде, абанын температурасы 0°С кезде бийиктиги 760 милиметр сымап мамычасынын басымына барабар. Деңиз денгээлинен бийиктеген сайын басым азаят.

Атмосфера электри

Атмосфера электри - атмосферанын жерге жакын катмарындагы электр кубулушу: электр талаасы, атмосферанын иондошуусу жана электр өткөрүмдүүлүгү, абадагы электр тогу, булуттагы электр заряддары, чагылган, уюл жаркыроосу. Атмосфера электрди убакытка жараша ар кандай бийиктикте ар башкача өткөрөт. Ал оң жана терс заряддарга (иондорго) жараша болот. Атмосфера электрди жайында жакшы, кышында начар өткөрөт. Атмосферанын электр өткөрүмдүүлүгү сутка ичинде да (эртең менен жакшы, түш ченде начар) өзгөрөт. Электр өткөрүмдүүлүк чагылган учурунда жогорку чегине жетет. Атмосфера электри, электр талаасынын чыңалуусуна абанын тазалыгына, нымдуулугуна, шамалдын ылдамдыгына жаан-чачын жана башкаларга көз каранды.

Ой-пикирлер