Кирүү

Арча дарак жана бадал өсүмдүк

Арча - кипаристер тукумундагы дарак уруусу. Көбүнчө эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү, дайыма жашыл дарак жана бадал өсүмдүк. Дарагынын бийиктиги 5-20 м. Жалбырактары майда (ийне сымал), ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчүлөр түрүндө болот. КМШ өлкөлөрүндө арчанын 30дай түрү бар. Көбүнчө Орто Азияда жана Кавказда өсөт.

Кыргызстандын аймагында арчанын 5 түрү бар. Алардын ичинен сары арча, кара арча, өрүк арча кеңири таралып, арча токойлорун түзөт. "Бадал арча" менен "жапалак арча" бадалча түрүндө өсөт. Алай, Чаткал, Талас, Түркстан тоолору арчалуу токойлорго бай келет. Республикадагы арча токойлорунун жалпы аянты 318,6 мин га. Арча токойлору дениз деңгээлинен 1000-3600 м бийиктикте өсөт.

Тоолордо нымды жакшы сактайт. Токойлордон 800-1000 жаштагы арча дарактарын кезиктирүүгө болот. Арча башка дарактар өспөгөн тоо беттеринде өскөндүктөн топуракты селден, кыяндан сактайт. Арчанын зыянкечтери көп болгондуктан уруктарынын өнүмдүүлүгү 10-30%тен ашпайт. Ошондуктан арча токойлорун калыбына келтирүү иштери кыйынчылыкты туудурат. Арчанын мааниси чон, мөмөсүнөн, жалбырагынан, дарагынын сөңгөгүнөн дары-дармек, жыгач буюмдары жасалат, отун жана башка даярдалат.

Арча каралжын топурагы

Мээлүүн алкактын субальп аймагындагы жапалак арча токою өскөн жердеги тоо топурагы. Тескей Ала-Тоодо деңиз деңгээлинен 3000-3300 м бийиктикте, ал эми Алай, Түркстан тоолорунда деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте болот. Топурактын катмары жука нымдуу, муздак, 50 пайызга жакыны таштуу келет. Үстүнкү 2-3 сантиметрин токой өсүмдүк көңү түзүп, астыңкы күңүрт түстүү катмарынын 12-15% чиринди, өсүмдүккө сиңиримдүүлүгү абдан жогору (100 г топуракта 50 мг экв). Механикалык составы оор кумайлуу, суу тундурмасы pH 5,7-7,5. Бул топурактын ным топтоодо жана топурак эрозиясын болтурбоодо мааниси чоң.

Ой-пикирлер