Аммиак тууралуу маалымат
Аммиак, (NH3) - мүнөздүү кескин жыты бар түссүз газ; азот менен суутектин эң жөнөкөй химиялык бирикмеси. -33,4° Сде суюк,-77,7° Сде катуу абалга өтөт. Абадан 2 эсе жеңил, 1 л аммиатын салмагы 0,77 г болот. 6-8 атмосфера басымда болот, баллондо сакталат. Сууда жакшы, 20° Сде 1 көлөм сууда 700 көлөм NH3 эрийт. Суудагы 10%түү эритмеси - нашатырь спирти. Суу эритмелери жегичтик касиетке ээ. Химиялык жактан активдүү, көп заттар менен реакцияга кирет. Суутектин агымында жашыл сымал жалын менен күйөт.
Аммиак өсүмдүктүн өсүшүндө зор мааниге ээ. Белоктун синтезделиши үчүн амин кислоталар аммиаксыз түзүлө албайт. Нитрат жана башка азоттуу заттар мурда аммиакка чейин калыбына келип, андан кийин гана амин кычкылдардын түзүлүшүнө катышат. Табиятта аммиак азоту бар органикалык заттар ажыраганда пайда болот. Өнөй жайда негизинен азот менен суутекти басым астында катализдик синтездөөдөн алынат. Аммиактан негизинен азот жер семирткичи жана азот кычкылы даярдалат. Андан алынган аммоний туздары өнөр жайда (сода, пластмасса, синтездик була алууда, муздаткыч техникасында ж. б.) кеңири колдонулат. Синтездик аммиактын көп бөлүгү өндүрүштө азот кислотасын жана азот жер семирткичин алууга керектелет. Суулуу аммиак жана суусуз аммиак азот жер семирткичи катары пайдаланылат. Аммиак - уулуу жана жарылгыч зат.
Аммиакаттар
Туздарга аммиак кошуудан алынган аммиак жыттуу, түссүз, кээде саргыч суюктуктар. Составында 33-45% азот болот. Айыл чарбасында мочевина, аммиак селитрасы жана башка азот жер семирткичтеринин суудагы эритмесин аммиак менен каныктыруудан алынган. Аммиакаттар суюк азот жер семирткичи катары колдонулат.
Аммиак жер семирткичтери
Азоттуу (азоту аммиак түрүндө) жер семирткичтер. Аларга аммиак селитрасы, күкүрт кычкыл аммоний, хлордуу аммоний, аммоний бикарбонаты, аммоний карбонаты, суюк аммиак, аммиак суусу, ошондой эле составында иону бар аралаш жер семирткичтер кирет. Аммиак жер семирткичтери сууда оңой эрийт, алардын азоту өсүмдүккө тез сиңет. Аммиак азоту топуракка жакшы сиңет. Аммиак жер семирткичтери топуракты бир аз кычкылдантат. Топуракта нитрлөөчү бактериялардын таасиринен нитратка чейин кычкылданат
Аммиак селитрасы
Аммиак селитрасы, азот кычкыл аммоний, аммоний нитраты, МН4 N03 - азот жер семирткичи, азот кычкылынын аммоңий тузу. Түссүз, нымды жакшы тартуучу кристалл, 34-35% азоту болот. Аммиак селитрасы 45-58%түү азот кислотасын газ түрүндөгү аммиак менен нейтралдаштырып, аны балкып эриген абалга чейин буулантуу менен коюулантып жана кургатуу аркылуу алынат. Орусияда аммиак селитрасы А, Б жана В маркада чыгарылат. А, Б маркасы өнөр жайда колдонулат, В - физиологиялык жактан кычкыл жер семирткич, бүртүктөлгөн түрүндө чыгарылат. Аммиак селитрасын жер семирткич катары бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонууга болот. Аммиак селитрасы негизинен, башкача айтканда себүүгө чейинки, ошондой эле кошумча жер семирткич катары жана катар аралыкка, чөнөккө чачуу үчүн пайдаланылат. Нымды тез тарткандыгына байланыштуу суу өткөрбөс капка салып, кургак жерде сакталат.