Алыкул Осмонов. Оорулуу акын
Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын–
Өлүм билбей кол сунат.
Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.
Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдоштор,
Эстесин деп бир убак.
Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.
Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не кылат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс–
Жазган ырлар төрт сабак.
Заман калыс,
Эрдик, намыс,
Керек болор,
Берели.
Жан бүткөнчө–
Кадырлайлы,
Ата менен энени.
6/II–1945 Койсары
АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ООРУЛУУ АКЫН
- Какен Алмазбеков. сүйгөн кесибим
- Мидин Алыбаев. Адабияттык парад
- Жоомарт Бөкөнбаев. Жылан менен бака
- Жеңижок (Өтө көкө уулу). Балалык
- Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы
Ой-пикирлер