Алыкул Осмонов. Ата-журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
24/X–1948 Чолпон-Ата
- Табылды Муканов. Бейпил түндө, майданда
- Мидин алыбаев. Шимеев смарга
- Анатай Өмүрканов. "Бар бол" ырлар жыйнагынан жүрөк сөзү
- Алыкул Осмонов. Жумушчу
- Барпы Алыкулов. Болор жигит
Ой-пикирлер
2020-04-14 ![]() Гулсана |
Эмнеге точкалар турат |