Кирүү
Күрөк - чарбачылык куралы; күрөктүн жыгачтан жана темирден жасалган түрлөрү бар. Жыгач күрөктүн башы (эни 25 сантиметр) менен сабы (120-130 сантиметр) чогуу (туташ) жасалып, кар, кык жана башка күрөөдө, эгин сапырууда колдонулат.
Күрмөк - дан өсүмдүктөр тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк; шалынын зыяндуу отоо чөбү. Бийикт. 15-100 сантиметр, жалбырагы катуу өзөктүү жана сызыкчалуу. Аны адеп өнгөндө шалыдан ажыратуу кыйын.
Күн өтүү жана ысык оору 1) Күн өтүү - малдын узак убакыт ысык, тике (көбүнчө башына) тийген күн нурунун таасиринен мээси жабыркап, катуу кармоочу ылаңы. Ат, өгүз, чочко, кээде ит, уйда байкалат.
Күкүрт кычкыл аммонийи - аммоний сульфаты- азот жер семирткичи. Техникалык препарат ак же бозомтук, тунук майда кристалл түрүндөгү туз. Анда 20,5-21,2% азот болот. Кукүрт кычкыл амм
Күкүрт жер семирткичтери - күкүрт кислотасынын туздары жана күкүрттүн башка бирикмелери. Топурактагы күкүрт бактерияларынын таасиринен күкүрттүү тоо тектер күкүрт кычкылынын туздарына (негизинен гипс-Са304 кө) чейин кычкылданып, андан күкүрт өсүмдүккө сиң