Кирүү

Жоомарт Бөкөнбаев. Ала - тоонун аскасынан ашалы

Ырас, курбум акын болдуң жашыңдан,
Ырас, курбум, акындыгың ашынган.
Бирок, курбум, ал талантың уялчаак
Алатоонун аскасына жашынган...
Көп ырдадык, көк шиберди мактадык,
Чалкыган көл чар тарабын каттадык.
Мезгил өтүп, өнөр бойго жетсе да,
Калың кенчтин капкактарын ачпадык.
Жортуп чыгып сар аскалуу белдерден,
Жайыт таап, Европаны баспадык...

Жер дүйнөгө атактары жайылган,
Ай, жылдыздай миң-миллион тайынган
Байрон, Пушкин, Лермонтовдон эмнең кем?
Бирок, курбум, чыгалбадың айылдан.

Көңүл суудай бирде киргин, бирде пас,
Өмүр чөптөй, өчүп барат кайран жаш.
Жалын кайрат, зардабы бар азамат
Күйпүл болуп бир колотко баралбас.
Кана, курбум,
Калам–тулпар биз минип,
Жар салалы
Европага шам кармап!
1933-ж.

Ой-пикирлер