Кирүү

Жолон Мамытов. Бакыт, атчан

Чарчоо билбес убакыт го чыны бу,
Миң жылда да жок бир ирмем тыныгуу.
Катар доорлор–карапанын жанында
Космикалык кораблдин сыныгы.

Бөксөлөнүп тоолор түзгө уланта,
Түз түрүлүп мухит көздөй суналат.
Тээ байыркы үңкүр менен катарлаш
Тирейт көктү көп кабаттуу имарат.

Сен, убакыт, бүтпөстүккө шайланып,
Кометадай аалам кыйрын айланып
Кайтканыңча,
байыркы өрөөн ордуна
Жатып калат деңиз мелт-калт жайланып.

Пендеңечи, учкулдугуң жакты ага,
Жетүүнү эңсейт кайда болсо бат гана.
Миң жылдарга өзгөрбөгөн бир караан–
Атчан гана, алдындагы ат гана.

Төрөлгөндө минген бойдон ал атка,
Чү дейт алга койбой артын карап да.
Ашып кетээр сыяктанат ошентип
Такыр бөлөк жаңы дүйнө тарапка...

Ой-пикирлер