Кирүү

Жоктоо

Күлүктү чапсак бир сыноо,
Акелер сизден бир суроо.
Алтындын кени кайда экен?
Баатырым акем кайда экен?
Аргымак чапсак бир, сыноо,
Отургандар бир суроо.
Алтындын кени кайда экен?
Жалгызым акем кайда экен?
Кара чепкен дубайна,
Кайрыларга тууган жок,
Кашкарда болду убайна.
Кызыл чепкен дубайна,
Кылчаярга тууган жок,
Кытайда болду убайна.
Кызыл макмал эн деген,
Кыраан баатыр мен деген.
Кара макмал эн деген,
Кашкайган баатыр мен деген,
Менден баатыр ким деген.
Кара жорго минсеңчи,
Кашкайган баатыр болгуча,
Калкыңа келип жүрсөңчү.
Эки жорго минсеңчи,
Элиңден баатыр болгуча,
Элиңе келип жүрсөңчү.
Улуу тоонун боорунан,
Улар учуп үн салат.
Карыганда энеңиз,
Жалгызым деп муңаят.
Карарган зоонун боорунан,
Карчыга учуп үн салат.
Карыганда энеңиз,
Баатырым деп муңаят.
Улуу тоонун боорунан,
Улар учуп конбой кал.
Кагылсам тагам баатырым,
Уядан жалгыз болбой кал.
Карарган зоонун боорунан,
Карчыга учуп конбой кал,
Канатсыз жалгыз болбой кал.
Кагылсам, тагам баатырым,
Кызыл оттой жангандыр.
Ким деле болду душманы,
Ичинде кетти бушманы.
Аскерлер келип кармады,
Эки колун байлады.
Карыган энем калды деп,
Ошондо көзү жайнады.
Атка салган көнчүктөй,
Тагам, Манастын улуу Төштүктөй.
Оогандын жолу он терек,
Ону бирдей майдан миш.
Оо дүйнө кеткен тагамды,
Эми көрмөк кайда миш!
Мениндик жолу беш терек,
Бешөө бирдей майдан миш.
Бейишке кеткен тагамды,
Эми көрмөк кайда миш!
Кытайдан келген овайым (попона),
Кылчайып атка чабайын.
Баатырым тагам өтүптүр,
Кайгырып кайдан табайын.
Кашкардан келген овайым,
Кайрылып атка чабайын.
Жалгызым тагам өтүптүр,
Кайгырып кайдан табайын.
Айткан Абдыкадырова Үрү

Ой-пикирлер