Кирүү

Жер аттары - энчилүү аттар

Жер аттарын, адам аттары менен алмаштырууга табияттын мыйзамы макул эмес. Азыр мындай касиеттер сакталбай, айрым билармандардын жээлигүүлөрү аркылуу уруулук кур намыстарын бийиктутушуп, баш аламандыктардын кесепетинен, "казанчынын ез эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп жатышы - жаратылышка доо келтируу.
Себеби: биринчиден, жер аты ете ыйык, анткени, оз шартына карата ал энчилүү аттарды өзүлөрү этап алышкан;
Экинчиден, жер аттарын алмаштыруу откен тарыхый окуяла-рын орду-түбүн тануу;
Үчүнчүдөн, жер аттарын чануу - өзүнүн ата-бабаларынын кин-дик каны тамган, кирин жууган, асан чакырган, абасын жуткан, оозан-ткан ата-конушун унутуу;
Төртүнчүдөн, жер аттарын тануу - ал танууну тануу болуп са-налат. Мисалы: Жумгалдык Саяк Байзак кайда теролгон? Кайырма-да төрөлгөнбү? Же Байзак Байзак айылында төрөлгөнбү? Аламүдүн районунда Жаңы-Алыш айылы бар. Ал азыр Байтик айылы деп ата­лат. Демек, Байтик Жаңы-Алышта төрөлдүбү же Байтик Аламудун районундагы Байтик айылынды терелду дейбизби? Мына ушундай чаташуулар кыргыз жергесинде "жүнүн жеп" кетти.
Атактуу Токтогул ырчы Кетмен-Тебеде туулганын улуулар би­лет. Кийинкилер Сатылганов Токтогул 1864-жылы, Жала-Абад об-ластындагы, Токтогул районунда торелген... -деп айтаары бышык. Бул - тантык суроого тантык жооп алуу. Кыргыз элинин тарых сан-жырасында булар - белгилүү ата уулдары. Ансыз да жумурият би-лип келген. Билет, биле да бермекчи. Себеп дегенде, кыргыз эли­нин тарыхында өз-өзүнчө орун берилет.
Бешинчиден, жер аттарын чаташтыруу топонимия илимине шек туудуруу. Алсак, Ак-Кыя, Кара-Чий, Боз-Кыя, Кароол-Дөбө, Үч-Бу-лак, Туура-Суу, Май-Top, Ой-Корумду, Жыландуу-Коо, Жалгыз-Те-рек, Тектир-Саз, Тай-Секи, Таштак, Кек-Жар ж.б. энчилүү аттар эчен окуяларды ичине камтып, сыр катып жаткан жерлер...
Жазуучу Саткын Сасыкбаев атактуу акын Алыкул Осмоновдун мына бул сөзүн мындайча эскерет:
- Эл жактырып, езунчо ат коюп, эстелик катарында кергон жер-суунун, тоо-таштын, жатыккан журттун аттары сакталып эле калбас беле! Кыргыз элинде таштан жасаган сарай, мечит, күмбөз, эсте-ликтер кеп беле?, - дейт Алыкул, - Биздин бабаларыбыз өздөрү экшы кергон, элестүү, элдин өмүрүнө, наркына байланыштуу кооз
жаратылыш көрүнүштөрүн, аттарын эстелик катарында баалап, ка-дырлашчу эле. Аппак ергеедей болуп туруучу Кошойдун оттук та-шынын бооруна "Кошойдун оттук ташы" деп жазып, анын үстүнө бүркүттүн элесин кондуруп койсо, езунче эле бир кооз эстелик, ке-рээз болуп турбайт беле! ("ЛЖ" 22-март 1988-ж.).

Ой-пикирлер