Кирүү

Жеңижок менен Коргоол

Жеңижок менен Коргоол

КОРГОЛ:
Аманбы, аба Жеңижок?
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышаарга теңи жок.
Анык булбул экенсиң,
Айдап төккөн чени жок!
Эсенби, аба, Жеңижок,
Эки жаактуу пендеден,
Эрегишер теңи жок.
Элдин анык булбулу,
Элеп төккөн чени жок!..
Жергебиз Кетмен-Төбөдөн,
Жетик акын Өтөгө,
Жетине албай жөнөгөм.
Айлыбыз Кетмен-Төбөдөн,
Артыкча акын Өтөгө,
Ашыгып мында жөнөгөм.
Ата-тегиң Таластан,
Ар санаттан сабатсаң,
Ар дубанга жарашкан.
Акын болор бекемин,
Айтканың угуп жанашсам?
Түпкүлүгүң Таластан,
Төгүп ырдап отурсаң,
Топ жыйынга жарашкан.
Токтолбой ырдаар бекемин,
Таалимиң алып жанашсам?..
Турган жериң Аксы экен,
Турпаты менен жакшы экен.
Жердеген жериң Аксы экен,
Жергеси менен жакшы экен.
Токтогул келип дос болгон,
Кошулса доошу козголгон.
Көп жомокту жат билген,
Арапча окуп кат билген.
Артык экен өнөрүң.
Керек болду балаңа,
Өзүңдөн нуска көрөрүм.
"Булбулу" деп ырчынын,
Токтогул торгой айтты эле,
Суусамырдын сазында,
Топ дубандын кашында,
Кара сакал Эшмамбет,
Сизге учурашып кайтты эле.
Анда мен эл көзүнө акындай,
Көрүнө элек болчумун.
Алабарман ырчыдан,
Бөлүнө элек болчумун.
Эңсегеним ыр болгон,
Каалаганым Сиз болгон,
Ырдын кенин аяба,
Каалап келген Корголдон!

ЖЕҢИЖОК:
Кетмен-Төбө кең жерден,
Телегейи тең жерден,
Эстеп келген экенсиң.
Ырга бөлүп санааңды,
Жеңижоктой абаңды,
Балам, издеп келген экенсиң!..
Жол жоргоңду жаңылбай,
Мүдүрүлбөй кагылбай,
Салып калган экенсиң.
Токтогулдун төп ырын,
Эшмамбеттин эп ырын,
Алып калган экенсиң!
Бышыбайт башың согулбай,
Жүрүп калсаң колумда ай,
Үйрөтөрмүн сонунду ай!
Чатыштырып ырдаймын,
Саятчынын торундай,
Билерсиң, балам, соңунда ай!.
Эми, балам, айтарым:
Эсиң болсо байкагын,
Ырды "Жер байынан" баштагын!
Билгениңди так айтып,
Айтыштардан сак айтып,
Кармашкандан качпагын!..
Бизден мурун тарыхтан,
Ырын төгүп жарыткан,
Токторбай өткөн ырчыдан!
Айбанаттын баарына,
Айтылып жүрөт дагы да,
Толубай өткөн сынчыдан!..
Он сегиз миң Ааламды,
Жер жүзүндө адамды,
Кошуп айтсаң, бир кызык!
Бутактатып, көбөйтүп,
Элди шаңга бөлөнтүп,
Созуп айтсаң, бир кызык!..
Адам-Ата, Умайдан,
Түпкүлүгү кудайдан,
Төгүп айтсаң, бир кызык.
Жер үстүндө нааданды,
Жалкоо, начар адамды,
Сөгүп айтсаң бул кызык!..
Аксы менен Таластын,
Көкчө менен Манастын,
Жөнүн айтсаң бир кызык!
"Жаныш-Байыш", "Курманбек",
Эрдиктери мындай деп,
Көбүн айтсаң бул кызык!..
Жаман, жакшы адаттан,
Терме менен санаттан,
Калпып айтсаң бир кызык!
Дүйнөнүн пинаа болгонун,
Жылдыз көккө толгонун,
Камтып айтсаң бул кызык!..
Ай, жылдызы жаркырап,
Нурун төккөн баркырап,
Айтар болсоң жылдызды айт!
Түпкүлүгүн ойлогон,
Туулган жерин коргогон,
Түпкү атабыз кыргызды айт!
Бечелдин иши курулбайт,
Чечендин сөзү бузулбайт,
Байкагам, балам, турмушта.
Жеңилсе түшүп атынан,
Түшүрбөй курун мойнунан,
Баалашкан сөздү кыргызда!..
Жыгылсаң туруп кетерсиң,
Байлаган болсо чечерсиң,
Чыгарсын орго малынсаң.
Байлагандай кете албай,
Сөз түйүнүн чече албай,
Балам, өлгөнүң сөздөн чалынсаң!..
Жамандардын каарынан,
Замананын тарынан,
Турук кылдым Аксыга.
Өлмөйүнчө кор болбойт,
Маңдайында шор болбойт,
Канатташ жүрсөң жакшыга!..
Алмасы чирип көң болгон,
Жаңгагы чирип дөң болгон,
Сары алтын Аксы жер ушул!
Күлүгүн күндө таптаган,
Тайганын ууга маштаган.
Өтө абаңдын эли ушул!..
Келипсиң ырдап алыстан,
Кубандым ырдап таанышсаң,
Учурашкан кез ушул!
Балам, айтканыма көңүл бур,
Кол тийгенде келип тур,
Сага айта турган сөз ушул!..

Ошондон баштап Жеңижок абам менен кол үзүшпөй катташып жүрдүм. Жеңижок деген бир шыбакты эт бышканча сүрөттөп бүтпөгөн нөшөр акын экен, мен анысын билбей эле ырдашып жүрө бериптирмин, кагылайын!
Кийин Өтө абамдын көзү өткөндө келсем, тууган уруктары жөнөтүшпөй бир кыш алып жүрүштү. Кез-Арттык кашкатаман туугандар бир төө союп беришти, ошол төөнүн эти түгөнгөндө кеттим, мага эч жерде төө союп сыйлашкан эмес, Өтө абамын элине ыраазымын деген экен кайран Коргол.

Ой-пикирлер