Кирүү

Жеңижок менен Барпынын учурашканы

Жеңижок менен Барпынын учурашканы

ЖЕҢИЖОК:
Исвескен менен Бүргөндү,
Кесип келдиң Барпы акын
Канча бир элди аралап,
Өтүп келдиң Барпы акын.
Базар-Коргон, Тентек-Сай,
Жайдан келдиң Барпы акын
Сендей бала жок эле,
Кайдан келдиң Барпы акын?
Сол көзүңдү ачпастан,
Жуумп келдиң Барпы акын.
Жеңижокту жеңем деп,
Кууп келдиң Барпы акын!..

БАРПЫ:
Жалал-Абад жол тартып,
Жөнөп келдим, Жеңижок.
Жакшылардан ажырап,
Бөлөк келдим, Жеңижок.
Акындыгың эшитип,
Сага келдим Жеңижок.
Сол жак көзү жумулган,
Мени көрүң Жеңижок.
Көрүп кетем Майлы-Сай,
Жолуңузду Жеңижок.
Сынап кетем байма-бай,
Чоңуңузду Жеңижок.
Көрүшөлү канеке,
Колуңузду Жеңижок?

ЖЕҢИЖОК:
Айтышар болсоң мынакей,
Менин колум Барпы акын.
Адаштырат сендейди,
Менин колум Барпы акын.
Жайып койдум алдыңа,
Темир торум Барпы акын.
Карала напти жибек тон,
Кийип келдиң Барпы акын.
Казысы карыш ала тай,
Минип келдиң Барпы акын.
Султан Казак болуштун,
Сүлпөтүн сен билбейсиң.
Жанындагы Бабаяр,
Үлпөтүн сен билбейсиң.
Чучук каптап алдыңа,
Коер бекен Барпы акын?
Ала тайың кечинде,
Соёр бекен Барпы акын?
Төрт кароол бир жигит,
Сабаар бекен Барпы акын?
Бүгүн атың казанда,
Кайнар бекен Барпы акын?
Ээриңди көтөртүп,
Айдар бекен Барпы акын?
Эки колуң артыңа,
Байлар бекен Барпы акын?
Эки көзүң ботодой,
Жайнар бекен Барпы акын?

БАРПЫ:
Карала напти жибек тон,
Кийип келдим Жеңижок.
Казысы карыш ала тай,
Минип келдим Жеңижок.
Жолоочудан ат сурап,
Жору бекен болушуң?
Жалгыз атты жаргыдай,
Таскарабы болушуң?
Таамай элдин ичинде,
Маскарабы болушуң?
Алыстан келген мейманды,
Биле албайбы болушуң!
Ырчынын атын союшка,
Уялбайбы болушуң?
Ат үстүндө дардайып,
Теминет го болушуң!
Күндө эт жесе чардайып,
Семирет го болушуң!
Ал атымдын казысын,
Чайнагыдай болушуң,
Ууру белем колумду,
Байлагыдай болушуң.
Күн айым жок артыма,
Айдагыдай болушуң,
Сына турган белим жок,
Корко турган жерим жок!

ЖЕҢИЖОК:
Баятан айткан сөзүмө,
Капа болбо чырагым.
Жүрөгүңдү чыгарып,
Бир аз сени сынадым.
Өйдө өтөт боз дөбөт,
Ылдый өтөт көп дөбөт?
Эки дөбөт айрымын,
Акыл менен ким бөлөт?

БАРПЫ:
Өйдө өткөн боз дөбөт,
Амал болот Жеңижок.
Ылдый өткөн көк дөбөт,
Шамал болот Жеңижок.
Муну Барпы билбесе,
Жаман болот Жеңижок!

ЖЕҢИЖОК:
Дүнүйөдө бирөө бар,
Турбай кетет жолунан.
Бөлөк жакка өзүнө,
Бурбай кетет оңунан,
Бул эмине болучу?

БАРПЫ:
Өзүң айткан касиет,
Адашпаган оңунан.
Тайгылбаган жолунан,
Күндүн көзү Жеңижок.
Шуну чечпей такалса,
Болбойбу Барпы эби жок!

ЖЕҢИЖОК:
Кыйын жерде кез билген,
Кысталышта сөз билген.
Калышпайсың, карагым,
Ак таңдай акын эстүүдөн,
Ошо күндөй жүргүн жолуңда
Акындын салгың оңунда...

Ой-пикирлер