Кирүү

Жеңенин түрлөрү

Жеңенин түрлөрү. Ага айкын мисалдар арбын.
Биринчиден, жеңе фольклордук чыгармаларда учурайт. Улуу "Манаста" Каныкейдин 40 чорого жеңелик милдети айтылат. 40 чоро -кыркуруунун колбашчылары (каны). Каныкей аларга бирдей мами­ле кылган, жоокерчилик шарттарда баккан. Казатка аттанаарда алар­га жоо кийимдерин кабаттап даярдаган. Гүлазык жасаткан. Шайма-шай кылган чакта эр Манас Каныкейге зор ыраазы болот. Ошондо гана алгач оозунан "Каныш" деген сез чыккан. 40 чоронун келиндери да жапырт "жеңе" дешип, Каныкейдин алдынан кыя етпеген.
Экинчиден, күндөлүк жашоо-турмушта кайынэненин ору-нун басуучу жеңелер бар. Улуулар картаят, бийликтен, үй-оокаттан, акылдан таят. Баары-жогун жеңелерге өткөрөт. Энелери, аталары өлгөндөрдүн балдарын ез боюна тартат, имерип алат. Жамандык-жакшылыктарын өз мойнуна көтөрөт.
Эми апа ордуна "апа" деп айтып калышат. Апага-энеге эмне сый-урмат жасалса, ошонун баарына ал татыйт. Кадимки на-баттуу, куттуу байбиче катары сый үстүндө отурат. Ага баа-ры айланчыктайт.
Үчүнчүдөн, данакер жеңелерди айтабыз, кайынсиндисинин, кай-ынинисинин жана жакындарынын келечегине камкордук көрүүчүлөр. Кыздын, баланын көңүлүнө жаккандар менен ич-ара мамиле түзүүчүлөр. Т.а. күйөө балага, келечектеги келиндерине жетүүгө кайынсиндиси, кайыниниси үчүн чуркоочулар. Алардын араларына түшүп, ыгын таап, кыз-күйөөнү, уул-келинди сүйлөштүрүүчүлөр. Бири-бирине жакындаштырып, сырдашууга шарттүзүп берүүчүлөр
Илгери кайынсиңцилери менен айлуу түндөгү кыз оюндарына, булактарга суу алууга ж.б. жайларга бир баруучу, кызды жене кайтаруучу. Ошондой учурлар жаштар бири-бирин көрүп-билишүүгө оңтойлошкон. Кыскасы, жаштарды кошууга дилгир жеңелерди айтып жатабыз.

Ой-пикирлер