Кирүү

Жаздана жатуу

Жаздана жатуу. Адатта, элибизде созду тике мааниде да, орой мааниде да айтуучу эмес. Кандай да болсо аны жумшарта, бирок, сөөгүнөн өткөрө берүүгө чебер келишкен. "Жаздана жатуу", - бул жаздык же жууркан эмес. Кийим-кечек эмес. Минтип айтуу - "Эгер мени өлтүрсө, аны мен да ыгын таап өлтүрөм". Демек, "аны жазда­на жатам, ал да олот, мен да олом. Аны тирүү калтырып, мен жок болбойм. Мен соттолом, ал да соттолот. Мен кириптер болсом, ал да кириптер болот. Бул ичтен андан оч алуусу.

Ой-пикирлер