Кирүү

Жарлык

Жарлыктар мамлекет башчысы – Президент тарабынан чыгарылып жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме-уюмдар тарабынан жетекчиликке жана аткарууга кабыл алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет менен өкмөттүн маанилүү маселелери, мисалы, жогорку кызматтагыларды кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Президенттин жарлыгы
бланкта жол-жоболоштурулат. Жарлыкта тиешелүү маалым даректер катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

ЖАРЛЫГЫ

Молдогазиев Эркинтур Исаевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалсын.

Президент (колу) А. Атамбаев

Ой-пикирлер