Кирүү

Жалгыз тал

Жеңижок жаш кезегинде, ала оорусу менен ооругандыктан Ташкара бий аны Аксыга кубалаган. Ошондо качып бара жатып, Бакайыр деген жерде жалгыз талды көрүп, элин-жерин кыялбай жалгызталды кошуп ырдаган:

Бакайырда жалгыз тал,
Баласы жок байкуш тал.
Жол боюнда жалгыз тал,
Жолдошу жок байкуш тал.

Кайрылып келип конгондой,
Каргага түнөк болгондой.
Канаты жок жалгыз тал,
Кайгысы көп байкуш тал.

Бурулуп келип конгондой,
Булбулга түнөк болгондой.
Бутагы жок жалгыз тал,
Муңдуу болгон байкуш тал.

Сен бу жерде жок элең,
Жериң кана жалгыз тал?
Аймактуу чогуу жамагат
Элиң гана жалгыз тал?

Көрүнбөйсүң ыраактан
Караң кана жалгыз тал?
Тегеренип ойногон
Балаң кана жалгыз тал?
Ичке тартып кетипсиң,
Денең кана жалгыз тал?
Көтөрүп жүрүп чоңойткон
Энең кана жалгыз тал?

Ала бакан болгондой,
Ачаң гана жалгыз тал?
Аркалап жүрүп чоңойткон
Атаң гана жалгыз тал?

Өзүң жалгыз турусуң,
Бириң гана жалгыз тал?
Өзүң менен бир тууган
Йниң кана жалгыз тал?

Карайган талдын бирисиң,
Калың топтон ажырап,
Кандай жалгыз жүрүсүң?

Эки талдын бирисиң,
Эл-журтуңан ажырап,
Эмине жалгыз жүрүсүң?

Жеңижокко жалгыз талдын айткан жообу:

Беш алты ооз сөз кылып,
Аңгеме кылып курадың
Аңырып турган жалгыздын
Ал абалын сурадың.

Теңтушуңа ээ кылып,
Терип тепчип курадың.
Телмирип турган жалгыздын
Теги жайын сурадың.

Кара жердин боорунда
Калганың бар шөкүлдү.
Кайгырасың жалгызга,
Арманың бар шөкүлдү.

Кызыл күнгөй кыштовуң,
Туштаның бар шөкүлдү.
Кызыл өңүң кер сары,
Бушманың бар шөкүлдү.

Башка чаап жаралап,
Пас болгонум ан үчүн
Тизилип чыккан бурагым,
Түндүкчү келип кести эле,
Түгөнөмүн ал үчүн.

Ача чыккан бутагым
Ала бакан кылам деп,
Ашканага курам деп,
Ар ким келип кести эле
Ал себептен түгөндүм.

Менин ушул турганым,
Бендеге болсун убалым.
Аңырып жалгыз турганым,
Адамга болсун убалым.

Жеңижок:
Тал да болсоң далайдан,
Тегин эмес экенсиң.
Бериштелүү адамдан
Бегине эмес экенсиң.

Төрт түлүктүү малымды,
Толгосуз билдиң алымды.
Ак таноо тору тайымды,
Айттырбай билдиң жайымды.

Ой-пикирлер