Кирүү

Жалбырактын дем алышы

Жалбырактын дем алышы

Жакшы өсүмдүктөр органикалык эмес заттардан органикалык заттарды жарыкта гана пайда кылат. Өсүмдүктөр ал заттарды азыктаныш үчүн пайдаланат. Бирок өсүмдүктөр азыктанып гана тим болбойт. Алар бардык тирүү жандыктардай эле дем алышат. Өсүмдүк күндүз да, түнүчүндө да тынымсыз дем алат. Өсүмдүктүн бүт органдары дем алат. Өсүмдүктөр жаныбарлар жана адам сыяктуу эле кычкылтек менен дем алат, да көмүр кычкыл газды бөлүп чыгарат. Өсүмдүктөрдүн дем алышына төмөнкү тажрыйбадан ишенүүгө болот. 10-12ден кем эмес жалбырагы бар кандайдыр бир өсүмдүктүн кичинекей бутагын алгыла. Кичинекей бутактын ордуна герандын же примуланын узун саптуу бир нече жалбырагын алууга болот. Кичинекей бутакты же жалбырактарды суу куюлган стаканга салабыз. Стаканды тарелкага коебуз да, анын жанына тунук акиташ суусу куюлган стакан коюп коебуз. Андан кийин мунун баарын айнек калпакча же чоң айнек банка менен жаап, караңгы шкафка коебуз. Өсүмдүктөр караңгыда, кычкылтекти бөлүп чыгара албайт, аны силер билесиңер. Караңгы шкафтагы өсүмдүктүн жалбырактары дем алат, демек, кычкылтекти сиңирип, көмүр кычкыл газды бөлүп чыгарат. Жалбырактар бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газдан стакандагы акиташ суусу киргилденет. Жалбырактардын дем алышы жарыкта да токтолбойт, себеби өсүмдүктөр жаныбарлар менен адам сыяктуу эле күндүз да, түнүчүндө да тынымсыз дем алышат.

Демек, жарыкта өсүмдүктө эки карама-каршы процесс жүрөт. Биринчи процесстин фотосинтез, экинчиси – дем алуу. Фотосинтез учурунда органикалык эмес заттардан органикалык заттар түзүлөт да, күндүн жарыгынын энергиясы пайдаланылат. Өсүмдүк дем алган убакта органикалык заттар чыгымдалып, өсүмдүктүн организминин тиричилик аракети үчүн керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Жарыкта фотосинтез процессинде өсүмдүктөр көмүр кычкыл газды сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Жарыкта өсүмдүктөр көмүр кычкыл газ менен кошо айланасындагы абадан кычкылтекти да сиңирип алат, ал өсүмдүктөр дем алыш үчүн керек, бирок кантты пайда кылгандагыга караганда өлчөмдө алат. Фотосинтез убагында өсүмдүк көмүр кычкыл газдын дем алганда бөлүнүп чыгарганга караганда бир кыйла көп сиңирип алат. Бөлмөдөгү кооздук өсүмдүктөр күндүз жарык жакшы тийип турганда кычкылтекти караңгы түндө сиңирип алганга караганда көп бөлүп чыгарышат.

Өсүмдүктүн органдарынын бардык тирүү клеткалары тынымсыз дем алат. Дем алуу токтолгон кезде өсүмдүк да жаныбарлар сыяктуу эле өлүп калат.

Ой-пикирлер