Кирүү

Жакупбектин тарыхы

Жакупбектин тарыхы

Жакупбек кушбек Ташкендин Искент кыштагында гуулуп, кыпчактан Нармуханбет Ташкенге кушбек болгондо кызматына алган. Ташкенге Канаат улук болгондо жүз башы болуп туруп кызматы жаккан. (Болжолу 1847-жылы) 22 жашында Жакупбектр Ак Мечитке улук кылган. Деңиздин балыгын саткын деп, орустар келгенде 40 мин. дилдеге Жакупбек саткан. Казактан зекет, үшүр алганда көп жабырлык көрсөтүп башка жол менен дагы малдарын талаган. Жаупбектин үстүнө чыгым болуп, Кокон хан байлап кел деп буйруганда Букарага качып кеткен. Андан Малахан менен Коконго келгенде Кудаярхан Кожентке бектикке буйруган, анда турганда ушак болуп каралаарда Сыдарыяга түшө качып, Букарага барган. Кудаяр хандын каары келип кармап бериниз деп Букарага кат жазганда Букар ханы зынданга салган. 8 айдан соң Букар ханы Шаар Сабитке кошун тартып жүргөндө бүткүл күнөкөрдү зындандап чыгарган. Букар ханы Жакупбекти көрүп, пансаттык даражасын берип согушка ала кеткен.
Согушта эрдикке чыгып, көп сый алган. Кудаяр хан ченсн Жалахан бузулушканын угуп жана өкүмөткө Алымкул өлгөн кабары алынып, Самарканга барып зыярат кылып келемин деп, Букар ханынан уруксат алып, андан кыргыз Алымкулга барган. Ушул кезде Куча бузулуп, Рашйддин кожо хан болуп, Кашкарга кыпчак Сыдыкбек бузук салып, Кытайды сепилге корготуп Котон ханынан кожо сурап, Кашкардагы Парганага каратаадын деген арызы келген экен. Ошол себептен кыргыз молдо Алымкул аскер берип, Бузулук хан Кашкарга жиберген. Букар ханынан Жакупбекти кармап бербесең Паргананы чабамын деген кат келгенде кыргыз Алымкул кушбек манабын берип. Жакупбек бүткүл Алтышаарга хан болуп. аталык казы Бадөөлөт деген даражаны алып, Черчен, Санжу, Котон, Жаркент, Кашкар, Аксуу, Турпан, Бай, Куча, Шая, Бугур, Корла, Карашаар, Үрүмчү өлкөсүнө хан болуп, башка мамлекеттер менен катышып турганда Нияз акымбек деген бектин кастыгы боюнча Жакупбектин жайчысы 1877-жылында уу берип өлтүргөн.
Мындан соң ичинен бузулуп турганда, кытай аскери келип багынтканда, андан дуңгандар кыштын күнү азап менен качып келип, Россияга таби болуп, Каракол, Каракоңуз, Сокулукка орногон. Кашкардан Россияга эл качканда колу жаралуу болуп калган кан ичер Кенеханын Султансадык деген баласы (Ташкенден качып, Кожент барып, андан Самаркан, Букарга барып, хивалыктар Россия менен согушканда ичинде болуп, канчалык эрдик көрсөтүп, андан Түркмөнстанга барып, андан Герат басып Кашкарга барып, Жакупбектин келинин алган) сунган моюнду кылыч кеспейт деген тилек менен кайра келгенде Кытайдагы согушта болгон колунан жарасын доктур айыктырып, Россия өкмөтү күнөөңдү кечти, Чымкендеги тууганына барып тура бергин деп уруксаат кылган.

Ой-пикирлер